Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:57

КЫРГЫЗСТАНДА БЕЛАРУСТУН МАДАНИЯТ КҮНДӨРҮ ӨТӨТ


10-октябрдан 13-октябрга чейин Кыргызстанда Беларус мамлекетинин маданият күндөрү өтөт. Бул иш чаранын алкагында эки өлкөнүн маданият министрлери келечектеги маданий байланыштарды талкуулашмакчы. Ошондой эле Беларустун “Песняры”, “Свято” ансамблдеринин гала-концерти, беларус кинотасмалары тартууланып, “Бүгүнкү Беларус” сүрөт көргөзмөсү өтөт.

10-октябрда Кыргызстан жана Беларус мамлекеттеринин маданият министрлери Султан Раев менен Владимир Матвейчук жолугушуп, эки өлкөнүн маданият жана көркөм өнөр тармагынын келечектеги байланыштарын талкуулашат. Беларустан Бишкекке өлкөнүн отуз маданий ишмери келатат.

Бишкектеги мамлекеттик филармонияда жана “Ала-Тоо” кино театрында кыргыз көрөрмандарына тартуулана турган маданий иш-чаралар тууралуу маданият жана маалымат министрлигинин чет өлкөлөр менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурдавлет Нурмамат уулу буларга токтолду:

- Беларус өлкөсүнүн Кыргызстандагы маданият күндөрү 10-октябрдан 13-октябрга чейин созулмакчы. Биринчиден бул маданий иш чараларда – Беларус делегациясы Бишкектеги “Ала-Тоо” кинотеатрында “Ата Журттун калканы” жана “Кара мышыктын далысында” аттуу көркөм тасмаларды көрсөтөт. Ошондой эле 11-октябрда мамлекеттик филармониянын холлунда “Бүгүнкү Беларус” аттуу көргөзмө уюштурулуп, кечинде Беларустун дүйнөгө белгилүү “Песняры”, “Свято” ансамблдери концерт тартуулайт.

Нурдавлет мырзанын “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, мына ушул маданий иш чараларга Кыргызстандын аймактарынан беларус диаспорасынын өкүлдөрү да чакырылмакчы:

- Биз азыр Беларустун Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте Кыргызстандын аймактарындагы беларус диаспоралары менен байланышып жатабыз. Бишкекте өтчү маданият күндөрүнө ошол диаспора өкүлдөрү да катышмакчы.

Беларустун Кыргызстандагы маданият күндөрүнө республиканын белгилүү маданият ишмерлери, эл аралык сынактардын лауреаты Людмила Лазарчик, балдардын “Витебск-2008”, “Славян базары” эл аралык фестивалдарынын биринчи байгесинин жеңүүчүсү Алина Молош, балдар ырларынын эл аралык “Евровидение”сынагынын катышуучусу Андрей Кунец жана концерттик программалардын алып баруучусу Осиповалар келишмекчи. Кыргызстандын Беларустагы маданият күндөрү болсо 2009-жылга белгиленип жатат.
XS
SM
MD
LG