Мындай пикирин КМШнын аткаруу комитетинин катчысы Сергей Лебедев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. “Экономика багытында кызматташуу Шериктеш мамлекеттердин негизги маселеси. Акыркы жылдары бардык КМШ өлкөлөрүндө 6-20 пайызга чейин экономикалык өсүш байкалган. Бул КМШ мамлекеттеринин кызматташуусунун бекемдешин көрсөтүп турат. Бүгүнкү жыйында бир дагы өлкө КМШдан чыгуу маселесин көтөргөн жок”, - деп билдирди С. Лебедев. Ал эми Тышкы иштер министри Эднан Карабаев КМШ орчундуу маселелердин алкагында кызматташып, иш жүргүзө берерин белгиледи. (КЕ)