Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

ӨЗБЕКСТАН: СӨЗ ЭРКИНДИГИ ЖААТЫНДА ОҢ ЖЫЛЫШ ЖОК


Ушул айдын башында Ташкенде басма сөз эркиндиги боюнча семинар өттү. Укук коргоочулар Евробиримдик Өзбекстанга Анжиян окуяларына байланыштуу киргизген санкцияларын күчүнөн кетирүүнү карап жаткан мезгилде орун алган бул семинардан улам өзбек бийликтери адам укуктарына мамилесин өзгөрттү деп баалоо туура эместигин эскертишүүдө.

"Маалымат каражаттарындагы либералдаштыруу – коомду демократиялаштыруунун маанилүү компоненти" деп аталган медия-семинарды 2-3-октябр күндөрү Евробиримдик өзбек өкмөтү менен биргелешип өткөрдү. Бирок европалык тараптан катышкандар ага мамлекеттин көзөмөлүндөгү маалымат каражаттарынын өкүлдөрү гана келгендигин белгилешүүдө.

Эл аралык кризистик топтун медиа директору Эндрю Штролайн биздин радиого буларды билдирди:

- Жыйынга көбүрөөк журналисттер катышса болмок. Албетте семинарды видеого тартып алышты. Бирок аны пропагандалык максатта пайдаланышпайт деп ким кепил боло алат. Биздин айткандарыбызды кандайча которуп беришээрин айтыш кыйын. Чет элдик журналисттер көбүрөөк болсо деп ойлогонбуз. Ал эми көз карандысыз өзбек журналисттердин көбү түрмөдө же сүргүнгө кеткен.

Штролайн ошондой эле семинарда жергиликтүү катышуучулар жалтактап, ачык сүйлөй албагандыгын да баяндады:

- Жергиликтүү журналисттер менен бир нече тегерек үстөл талкуусу өттү. Биз курч суроолорду сураганыбыз менен, алар ооз учунан араң эле жооп берип жатышты. Мисалы биз эмне үчүн пахта талааларында жаш балдардын эксплуатациясы, президент Каримовдун үчүнчү мөөнөткө шайланышы конституцияга каршы келгенин, камак жайларында такай кыйноо методдорунун колдонушулу тууралуу жазбайсыңар деген сыяктуу суроолорду бердик. Биз өз тынчсызданууларыбызды ачык айттык, бирок баарлашуубуз бир жактуу болуп калып жатты.

Ал эми үстүбүздөгү жумада укук коргоочулар Евробиримдикти Өзбекстанда журналисттердин башына түшкөн мүшкүлгө көз жумбоого чакырышты. Биргелешкен билдирүүсүндө Эл аралык кризистик топ менен катар, Мунапыс, Согушту жана Тынчтыкты чагылдыруу жана Ачык Коом институту, Хьюман Райтс Уотч, жана ошондой эле адам укукгарынын Эл аралык федерациясы семинарга катышкан өзбек өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн жана мамлекеттин көзөмөлүндөгү маалымат каражаттарынан жаңыча эч нерсе угушпаганын белгилешти.

"Алар Өзбекстанда маалымат каражаттары эркин же көз каранды эмес экендигин, журналисттер өз пикирин айтканы үчүн камалып, интернет блокадада экендигин, ошондой эле чет элдик журналисттер Өзбекстандын өзүндө экенде аккредитация ала албай тургандыгын каймана түрүндө болсо да мойнуна алышкан жок. Евробиримдиктин министрлери жолукканда Өзбекстанда сөз эркиндигинде оң жылыш жок экендигин ачык айтып, Ташкенден сөз эркиндигин камсыздоого чындап нийеттүү экендигин конкреттүү иши менен көрсөтүүнү талап кылыштары керек", деп айтылды билдирүүдө.

2005-жылдагы Анжиян окуяларынан кийин Евробиримдик Өзбекстанга каршы бир катар санкцияларды, анын ичинде мартабалуу өкмөт өкүлдөрүнө Европа өлкөлөрүнө виза берүүгө жана курал сатууга чектөөлөрдү киргизген. Бул санкцияларды күчүнөн кетирүү же азайтуу маселеси Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин 13-октябрдагы жыйынында каралат.
XS
SM
MD
LG