Райондун Достук айлына мурдагы куну топтолгон жаштар милицияны таш бараңга алган эмес.Милиция барганда алар качышкан, аларды кууп жөнөгөн милиция өзү жыгылып, колу сынган. Топтолгондордун расмий катталбаган «Хизб-ут тахрир» уюмуна тиешеси жок. Ушу тапта 25 адамдын эмнеге топтолгону изилденүүдө. Мындай маалымат бүгүн райондун акими Үсөнбай Рыскуловдон алынды. Ички иштер башкармасынын маалымат катчысы Ибрагим Шатманалиев аталган айылда 25-30 мас адам мушташмак болуп, тартип сакчыларына таш ыргытканын, анын айынан бир милиционер ооруканага түшкөнүн билдирди. Окуя боюнча кылмыш иши козголгон, бирок айрым маалымат каражаттары Интернетке таркаткандай, кармалган сегиз-тогуз адам убактылуу кармоо жайына киргизилген жок деп айтты ал. Райондогу адам укугун коргоочу Елена Иванова жаатташып мушташуу болгонун ырастады. Июль-август айларында Кочкор-Ата шаарында ондогон адам мушташканда бир адам жарадар болгон. Анда он адам колго түшүп, Өзбекстанга качкан экөөсүнөн автомат менен гранат табылган. (YA)