Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:23

БИШКЕКТЕ БАЛА БАКЧАГА АКЧА ТӨЛӨӨ ЭМЕС, БАЛА БАТЫРУУ КЫЙЫН


Айзада Касмалиева, Бишкек Бүгүнкү күндө шаардагы муниципалдык бала бакчаларда бир айлык акы орто эсеп менен 1000 сомду түзсө, жеке бала бакчаларга 5 миң сомго чейинки акы төлөнөт. Бирок учурда ата энелерди бала бакчанын баасы эмес, эптеп ал жерге балдарын батыруу проблемасы түйшүккө салууда. Анткени бала бакчаларда орун жок.

Бишкек шаарынын тургуну Миргүл Океева быйыл 2 жашар уулуна бала бакчадан орун таппай кыйналганын айтат. “Бир жагынан жумушуң кычап турган маалда, кандай шарт болсо да эптеп баланы жайгаштыруу маселесин чечкенге аракет кылат экенсиң”, - дейт ал.

- Баламды бакчага берем деп аябай кыйналдым. Үйүмдүн жанындагы бала бакчага барсам, “Орун жок, жайында кел, жазында кел, ала албайм, взносу да бар” деп койду. Атүгүл тааныш салсам да болбойт. Аягында өзүнүн керебетин кошо алып келейин деп жатып, баламды керебети менен кошо эптеп жайгаштырдым.

Миргүл жеке менчик бакчаларга да кайрылып көргөн. Анын ою боюнча, ал жердеги ашыкча шарттардын баары эле балага туура келе бербечидей сезилет.

- Жеке бакчаларга барсам, 5 миң төлөйсүн дешет. Төрт маал тамак берип, 3 сыйра кийимдерин көтөрөт экен. Эми андай тамактын баарын эле балам жей турганын да кудай билет. Ашыкча шарттары көп экен.

Шаардагы муниципалдык №127 бала бакчасы 140 орунга эсептелгени менен, быйыл 250 баланы кабыл алган. Анын жетекчиси Эльмира Сырдыбаеванын айтуусунда, алар да ата-энелерди түшүнүүгө аракет кылып, нормадан сырткары балдарды алышкан. Бирок мындай шарт балдардын өздөрүнө эле кайра ыңгайсыздыкты жаратат.

- Быйыл көп баланы алдык. Болбой эле ата-энелер ушул убакка чейин орун издеп келип жатышат. “Башка ала албайм” десем да болушпайт. Эгер азыр тизме менен балдар толук келе турган болсо, айла жок, бир керебетке экиден жаткырууга туура келет.

Бала бакчада болочок окуучулар даярдалат. Алар да атайын программанын алкагында билим алышат. Бирок, балдардын санынын көптүгү ар бири менен жеке иштоого мүмкүнчүлүк да бербейт.

- Отуз бала деле оңой эмес да. Биз аларга жазганды, окуганды үйрөтөбүз. Балдар көбөйүп кеткенде, алардын ар бири менен жеке иштөөгө шарт жок. Колдон келишинче жыл аягына чейин программа боюнча окуп жетишүүгө аракет кылып жатабыз.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын мектепке чейинки билим берүү боюнча башкы адиси Сабина Сартмырзаеванын билдирүүсүндө, учурда шаарыбызда 76 муниципалдык бала бакча бар. Азырынча алардын экөөсү иштебейт. 12 миң орунга эсептелген бул балдар бакчаларда азыр 15 миңден ашык бала тарбияланып жатат. “Орундун жетпей жатышы- кайра куруу учурундагы балдар бакча имараттарынын менчикке өтүп кеткендиги жана ички миграциянын өсүп жаткандыгы менен байланыштуу”, - дейт Сабина Сартмырзаева.

- Чындыгында эле азыр бала бакчаларда балдар толтура. Албетте мындай шартта санитардык нормалар да сакталбай, балдар арасында оорулар көп болот. Ошентсе да 2005-жылдан тарта бакчаларды көбөйтүү аракети жандана баштады деп айтсак болот. Бүгүнкү күнгө чейин жаңы конуштарда бир аз да болсо жаңы балдар бакчалары ишке киргизилген. Бирок аларда да эки эсе көп балдар тарбияланат. Мамлекет бул максатта каражат бөлүп жатат. Бирок ал аздык кылып жаткандыктан, маселе биз каалагандай эрте чечилбей жатат. Анткен менен азыр менчикке өтүп кеткен имараттарды кайра кайтарып, айрымдарын калыбына келтирүүнүн аракетиндебиз.

Сабина Сартмырзаеванын айтымында, 2008-2009-жыл аралыгында Ак-Босого, Көлмө жаңы конуштарында жаңы бакчаларды ачуу, Чоң-Арыкта жана 6-микрорайондогу иштебей калган бакчаларды ишке киргизүү максаты коюлууда. Ал эми каражаттын тартыштыгынан толук бүтпөй калган Көк-Жардагы бала бакча ушул жылдын декабрь айында толук ишке кирип, балдарды кабыл алмакчы.
XS
SM
MD
LG