Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

ЖАБЫК ЖОЛДОР, ЧУБАЛЖЫП ТУШАЛГАН АВТОУНААЛАР


Бүгүн 10-октябрда Бишкекте өтө турган КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммитине катышууга келген жетекчилерди тосуп алып, коштоп жүрүү жана жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 5 миңдей милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Ошондой эле cаммит учурунда Бишкекке сырттан кирүүчү автоунааларга чектөө коюлду. Ал эми КМШ өлкө башчыларынын саммити баштала элек учуруда эле айрым жолдор убактылуу тосулганына жергиликтүү айдоочулар нааразы.

Жогорку даражалуу меймандары коштоп, алардын коопсуздугун камсыз кылууда атайын 83 автоунаа тейлеп, кечээтен бери Бишкекте маал-маалы менен айрым көчөлөр убактылуу жабылууда.

Өлкөнүн ички иштер министрлигинин МАИ кызматынын жетекчиси Болотбек Борбиев айтымында, КМШ саммитинин күндөрүндө Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу гана жабылып, меймандар өтүп кеткенде кайрадан ачылат. Саммитке карата Кыргызстандын борборунда МАИнин үч жүз үч кызматкери иштеп жатат. Алардан тышкары Бишкектин көчөлөрүндөгү тартипти камсыз кылууга облустук мамавтоинспекциялардын жана милиция кызматкерлери тартылды.

- МАИ кызматы КМШ саммити алдында коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды өткөрүп, машыгууларды уюштурдук. КМШ саммити алдында МАИ башкармалыгы Бишкек милициясы менен биргеликте жол коопсуздугун камсыздоого багытталган иш-чараларды өткөрдүк. МАИ жол эрежелерин сактоо, коопсуздукту камсыздоо жана техникалык каражаттарды координациялоо максатында оперативдик штаб түзүлгөн. Иш-чаранын алкагында КМШ саммити учурунда сырттан кирүүчу автоунааларга чектөө коюлуп, шектүү делген унаалар текшерүүгө алынууда.

Жол коопсуздугуна орчундуу көңүл бурулганы бекеринен эмес. Себеби жол кырсыктары боюнча Кыргызстан дүйнөнүн көп өлкөлөрүнөн алдыда турат.
Өткөн жылы өлкөдө жол кырсыктарынан 1 миң эки жүздөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган.

МАИ кызматынын жетекчиси Болотбек Борбиев пикиринде КМШ саммитине байланыштуу Бишкекке кирүүчү жүк ташуучу автоунааларга чек коюлду. Өтө зарыл товарлар гана киргизилип жатат.

- Башка облус, аймактарга катточу жүк ташуучу автоунаалар Бишкектин сыртындагы транзит жолдор менен каттап турат. Кайсыл көчөлөр кайсыл убактарда убактылуу жабылаары маалымат каражаттары аркылуу маалымдалган, -дейт Болотбек Борбиев.

Борбор шаар тургундары КМШ саммити баштала электе Бишкекте автоунаалар көп болуп, кичи автобустардан жол тийбегендигине, жолдор тосулганына нааразы.

Бишкектин тургуну Алмаз Кудайбергеновдун айтымында МАИ кызматкерлери борбордук көчөлөр белгилүү мөөнөттөрдө убактылуу жазылаарын алдын ала эскертип, маалымдап турса.

- Айрыкча КМШ саммити учурунда кайсыл көчөлөрдө чектөөлөр болоору айтылган менен узак убакыт жол тосулуп калууда. Балабакчага балдарды убагында алып бара албай, мектептен да көп окуучу кечикти. Мен өзүм “Алатоо” кинотеатрынан Манас проспектисине чейин эки жарым саатта жөө басып араң келдим, -дейт Алмаз Кудайбергенов.

Мындай пикирди аты, жөнүн атообоону өтүнгөн МАИ кызматкери төгүнгө чыгарып, Манас проспектиси 5-6 мүнөткө гана жабылганын, эч кандай жол тыгыны пайда болбогонун билдирди.

Ал эми бишкектик Эмил Алымкуловдун пикиринде ушундай кырдаалдан МАИ кызматкерлери өздөрү пайдаланып, айдоочуларды түрдүү айыпка жыгып жатат.

- Мурда жол тыгынын көрбөгөн бишкектик айдоочулар жүдөп, кээде аргасыз жол эрежелерин бузуп алып жатышат. Саммит, эл аралык жыйындар, чоңдордун келиши шаардыктардын күндөлүк турмушуна абдан терс таасирин тийгизүүдө.

МАИ коштоп келаткан автокербен жакындаганда аялдамада турган шаардыктарды милиция кызматкерлери олтурууга буюруп, ал түгүл жол жээгине жакындатпай койгонуна өзүбүз да күбө болдук.

Саммиттин катышуучуларын тосуп, узатуу учурунда “Манас” аэропортунан Фучик көчөсүнө чейин, андан ары Чүй жана Манас проспектилери Мамлекеттик резиденцияга чейин убактылуу тосулуп турмакчы. Ошондой эле Мамлекеттик резиденциядан баштап Байтик баатыр көчөсү дагы Чүй проспектиси Өкмөт үйүнө чейинки жол дагы маал- маалы менен тосулуп тураарын МАИ кызматы эскертүүдө.

КМШнын саммитине Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Түркмөнстан, Тажикстан, Өзбекстандын мамлекет башчылары Азербайжандын премьер-министри баш болгон делегация келишип, алардын коопсуздугун сактоо үчүн 5 миңдей милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде күзөттө турушат.



.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG