Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 12:03

Бүгүн Вашингтондо Чоң жетинин тобуна кирген өлкөлөрдүн каржы министрлеринин жыйыны башталат


Глобалдык каржы кризиси жыйындын күн тартибиндеги башкы маселе. Мунун алдында дүйнө өлкөлөрүнүн Борбордук банктары менен өкмөттөрүнүн кризисти жеңилдетүү үчүн көргөн чаралары каржы базарларын турукташтыра албай жатат. Маселен, Кошмо Штаттардын негизги биржалык индекси – Доу Жонс акыркы беш жылда биринчи ирээт кечээ 9000 пункутка ылдыйлады. Европада болсо кечээ эртең менен биржалык индекстер өскөн, бирок кечке жуук соода кайра эле төмөндөө менен жабылды. Эл аралык валюта корунун башчысы Доминик Стросс -Кан дүйнө рецессиянын кыл учунда турганын эскертти.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG