Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

ПРЕЗИДЕНТ КАЙРАДАН ГЕРМАНИЯГА ДАРЫЛАНУУГА КЕТЕБИ?


Бүгүн жарык көргөн “Агым” гезити мына ушундай маалымат таратып, Бишкекте өтүп жаткан КМШ өлкөлөрүнүн саммити аяктагандан кийин, 17-сентябрь күнү президент К. Бакиев элге расмий билдирүү жасап, дарылануусун улантуу үчүн бир ай Германияга кетет деп жазып чыкты. Гезит ошондой эле Маскөөдө жүргөн К. Кабилова президенттик админстрация жетекчиси М. Садыркуловго телефон чалып, андан президент Бакиев менен жолугушуу уюштуруп же болбосо телефон аркылуу сүйлөшүүгө шарт түзуп берүүнү сураныптыр деп, эл оозунда элек жок, эки адамдын башы кошулган жерде эле Ж. Бакиев, М. Коңгантиев, М. Суталинов кошулмасы жана М. Бакиев менен М. Садыркулов тандеми.

Булардын ортосундагы тымызын күрөш туу чокусуна жетип баратканын эске алсак, кан төгүлүп, атышып кетпесе болду деп кабарлады.

Гезит булардан тышкары КМШ саммитинде “Ганси” аскер базасын өлкөдөн чыгаруу маселеси көтөрүлөт дешет, сиздин пикир кандай деп сураганда саясат иликтөөчү Жыргалбек Турдукожоев: - КМШ аны коюп алгач өз келечек тагдырын талкуулап алсын. Не дегенде анын курамына кирген мамлекеттер ортосунда ынтымак ыдырап, тарап кетүү алдында турат. Мындай кырдаалда “Ганси” маселеси күн атртибине кириши зарыл деле эмес деп жооп айткан.

Экономист Айылчы Сарыбаев, Кыргызстан менен АКШнын ортосунда келишим бар. Аны бузууга үчүнчү өлкөнүн акысы жок деп, өндүрүшчү Карыпбек Алымкулов, эгер Россия тарап “Гансини” өлкөдөн чыгаруу маселесин койсо анда ал аткара турган милдеттенмелерди мойнуна алышы керек. Оогандагы абалды жөнгө салуу үчүн оңбогондой акча кетет. Андай баш оорунун Россияга кереги барбы? –деп жооп берди.

“Кыргыз туусу “ гезити көрүнүктүү тархычы Кушбек Үсөнбаев менен баарлашып, анын өз оозунан көзү тирүү кезинде жазып алган кызыктуу баянынан уландыны улантып жарылоодо.

“Жаңы кылым” гезити менен курган маектешүүсүндө Коопсуздук кеңешинин катчысы И. Исаков кабарчынын: “Чын эле сиздердин колуңуздарга К. Кабилованын арызы келип түштү беле?” деген суроосуна, “Ооба, мага 22-сентябрда А. Мадумаров телефон чалып, мамлекеттик деңгээлде бир иш болуп жатат, сиз менен сөзсүз жолугуш керек болуп калды деди. Биз Үсөн Сыдыкович менен кеңешип, “Дан азыктан” жолуктук. Мадумаровдун жанында Коопсуздук кеңешинин мурдагы катычсынын орунбасары К. Курбаналиев деген жигит... колунда К. Кабилованын арызы бар экен. Биз окуп чыккандан кийин Ү. Сыдыкович:”Бул түздөн түз Исмаил Исакович сиздин ишиңиз. Мен буга кийлигишпейм. Тезинен президентке берип, ишти оң жагына чечүүгө аракет кылгыла” деген улуулук насаатын айтты. Мен ошол эле күнү саат үчтөр чамасында Кабилованы өзүмө чакыртып алдым да “чын эле арызды өзүңүз жаздыңыз беле?” деп сурадым. Ошондо Клара Саматовна чын эле капа болуп, бир сыйра ыйлап, арызды өзү жазганын, атүгүл видеоматериалдары бар экендигин айтты. Мен анан президент менен жолугуусун, ачууга алдырбасын суранып, президенттин жардамчыларына телефон чалып, тезинен кабыл алуусу керектигин өтүндүм. Тилекке каршы президент ал мезгилде мамлекеттик иштер менен жүрүп мени эки күндөн кийин, 24-сентябрь күнү гана кабыл алды. Мен Кабилованын арызын берип, баарын айтып бердим. Президент ошол эле күнү саат үчкө Кабилованын келерин айтты. Бирок андан кийин эмне болду? Кабилова кимге кирди? Ким менен жолугушту? Аны айталбайт экемин” деп жооп берип, ал эми ММКдагы айрым макалалардын максаты чындыкты коомчулукка жеткирүү эмес, тескерисинче президент менен биздин мамилени бузуу үчүн жасалган аракет деп түшүнсө болот деп айтты.

“Жаңы ордо” гезитине “Жаңы Кыргызстан” партиясынын жаңы жетекчилеринин бири И. Исаков аңгеме куруп, энергетика тармагынын башында тургандардын бул багытта кризисти жоюу боюнча эмдигиче программалары жоктугун, анын ордуна элдин жарыгын өчүрүп, кыжырын кайнатып жатканын, ошондуктан партиянын саясый кеңеши Кыргызстандын келечегин аныктай турган тармактарды сызга олтургузгандарды жоопко тартуу маселесин койгонун, эгер өкмөт иштей албаса ордун бошотуу керектигин, анткени ал жетектеген партия өкмөттүн ишин алып кете турган кишилердин курамын сунуш кылууга даяр экендигин, партия оппозиция болбосто позициясын бекем карманарын айтты.

“Бишкек-репортер” гезити “Жаңы Кыргызстан” партиясынын азыркы учурдагы жүрүш-турушун оңой эле түшүндүрсө болорун, күн өткөн сайын Акүйдөгү таасиринен ажырап бараткан Үсөн Сыдыков каршылашкан жагына оңой-олтоң эле багынып бере койчу кишилерден эместигин, ошондуктан өз айланасындагыларга ушундай жолду ишарат кылганын, эгер аны өлкөнү башкаруудан четтетип салып, бирок эч кандай кадыры да, каруусу да жок “жылуу” орунга олтургузуп койсо андан ал оппозиционерлердин үйүрүнө кошулуп, күрөштү түз эле көчөдө улантарын, ал эми бул жагдай оппозициянын тегирменине суу куюп, К. Бакиевдин карышлаштарынын позициясын чыңдай тургандыгын белгилейт деп жазды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG