Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

13:35 Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынан коргонуу жөнүндөгү окуу фильмдери тартылат


Бул туурасында “Кыргызкино” улуттук концернинин вице-президенти Абибилла Пазылов “Азаттыкка” билдирди. “Алайдагы болгон жер титирөө унутулуп калган бул идеяга кайрылууга түрткү болду. Кырсыкта көпчүлүгү жаш балдар каза тапты. Биздин оюбузча, балким алар коргонуунун айрым жоболорун билгенде, аман калышмак”, - дейт Абибилла Пазылов. Анын айтуусунда, фильмдер ушул жылдын аягынан баштап, сериялык негизде бюджеттен бөлүнгөн каражаттын эсебинен тартылат. Алгачкы тасма жер титирөө туурасында болмокчу. Көрүүчүлөргө ишенимдүү таасир этүү үчүн тасмага белгилүү актерлор тартылат. “Азыр болсо, биз эл аралык уюмдардын буга чейинки тартылган тасмаларын кыргызча которуу үчүн алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз”, - деп кошумчалады Абибилла Пазылов. (AzK)

XS
SM
MD
LG