Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

15:55 И.Исаков кызматынан кетти


Бул тууралуу “Азаттыкка” Исмаил Исаков өзү билдирди. Ал Коопсуздук кеңештин катчылык кызматынан кетүү арызын өз ниети менен жазып, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан ички жана тышкы саясатка макул эместиктен ушундай чечимге баргандыгын билдирип, атайын кайрылуу жазган. Анда “акыркы кезде сизди Акаев түзгөн “алгачылар” менен “ак шапкачандар” курчап, мамлекетти жана анын Куралдуу күчтөрүн көтөрүүгө жан үрөгөн генералдар четте калды.Авторитаризм, коррупция, паракорчулук күч алды” деп, президенттин кадр, мамлекеттик ички, тышкы саясатына макул эместигин билдирди. Өзү Коопсуздук кеңеш катчысы болуп туруп ушундай кемчиликтерди жоюуга аракет кылган менен калыптанган система мага мүмкүнчүлүк берген жок деп жазды. Исаков буга чейин өзү жетектеген “Жаңы Кыргызстан” партиясынын чечими боюнча билдирүү жасаганда “Ак жол” партиясынын парламенттеги өкүлдөрү Бегалы Наргозуев менен Зайнидин Курманов президенттин саясаты менен макул болбосо кызматтан кетүүсү керек деп, кезекти жаштарга берүүнү сунушташкан эле.Ал өткөн жумада “Жаңы Кыргызстан” партиясынын башкы катчылыгына шайланып, мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртүү керектигин, жергиликтүү кеңештерге шайлоо мыйзам бузуу менен өткөндүгүн жана бийликчил “Ак жол” партиясынын коомдо баркы кеткендигин билдирген болчу. (BD)

XS
SM
MD
LG