Жогорку Кеңештин депутаты, "Ак Жол" партиясынын өкүлү Алишер Мамасалиев “Азаттыкка” курган маегинде, 2009-жылдын КМШ жумуриятында жаштар жылы деп жарыяланышын маанилүү деп сыпаттады. Аталган аймактагы мамлекет башчылардын дүйнөлүк каржы кризиси, орус-грузин жаңжалы сыяктуу олуттуу көйгөйлөргө карабай көңүл чордонун жаштарга буруп, алардын маселелерин чечкенге аракет кылып жатканын белгиледи. Депутат демилге жакшы экенин, бирок КМШ жыйындарында кабыл алынган документтер, токтомдордун сексен пайызы ишке ашпай кагаз жүзүндө калаарын кошумчалады. (EBM)