Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

«ЧОҢ ЖЕТИНИН» КРИЗИСКЕ КҮЧҮ ЖЕТЕРИ КҮМӨН


Вашингтондо бүгүн өнүккөн жети өлкөнүн өкүлдөрү финансы чөйрөсүндөгү кырдаалды талкуулашат. Жыйынга финансы министрлери катышат. Ишемби күнү аларды президент Жорж Буш кабыл алат. Дүйнөлүк кризисти ушул эле жерде эл аралык валюта фондусунун жетекчилиги да өзүнүн жылдык чогулушунда талкуулайт.

Вашингтондо “чоң жетинин” – АКШнын, Британиянын, Германиянын, Италиянын, Канаданын, Франциянын жана Япониянын – финансы министрлери ээ-жаа бербей бараткан азыркы кризистин таасирдүү аргасын тапканга аракет кылышат. Өкмөттөр менен борбордук банктардын акыркы күндөрдөгү кадамдары дүйнөлүк биржалардагы фонд индекстерин өйдөлөткөнгө өбөлгө боло алган жок. Жума күнү Азиянын, андан соң Европанын рынокторунда жарнактардын баасы 8-10 процентке арзандады.

“Банк системасында аракеттер жасалганы менен азырынча анын эч кандай натыйжасын көрбөй жатабыз”,- деп билдирди Seven Investment Management компаниясынын маркетинг боюнча директору Жастин Ургухарт-Стюарт Франс пресстин кабарчысына. Көрүлгөн чаралар жетишсиз болуп жатканын Ройтерге OLD Securities компаниясынын эксперти Крис Хоссейн да ырастап, көчкүдөн бетер кургуйга тартып бараткан бул процессти токтотуу үчүн дагы эмне кылыш керектигин билбей жатышканын моюнга алды.

Бейшемби күнү эл аралык валюта фондусу өзүнүн чукул абалга эсептелген планын жарыялады. Анда насыя бөлүү процедурасын тездетүү ыкмалары каралган, бул усулду фонд 1997-жылы Азиядагы финансылык кризис маалында колдонгон. Бирок ал бул жолу майнаптуу иштеп бере аларын эч ким айта албайт. Фонддун башчысы Доминик Стросс-Кан дүйнө “рецессиянын кырында” турганын, кырдаал өтө олуттуу экенин эскертип, ошол эле учурда ыкчам, чечкиндүү аракеттенип, өз ара тыгыз кызматташып проблеманы чечсе болорун кошумчалады.

Валюта фондусу бүгүн бул теманы Вашингтондо өзүнүн жылдык жыйынында талкуулайт. Ага катышканы фондго жана Дүйнөлүк банкка кирген 185 мамлекеттин көбүнөн өкүлдөр келишти.

Дүйнөлүк банктын президенти Роберт Зеллик “чоң жетилик” ыкчам өнүгүп жаткан өлкөлөр менен биргелешип кризисти жөнгө сала аларын билдирди. Бул үчүн алар жыдыган активдер менен иштеп, банктарды кайра капиталдаштырууга жардамдашып, өтө зарыл болуп жаткан ликвиддүүлүктү камсыз кылууга тийиш. Зеллик азыркы кризис биринчи кезекте чабал өлкөлөргө, калктын жакыр катмарына катуу капшабын тийгизерин, ошондуктан алар жардамга муктаж экенин өзгөчө бөлүп көрсөттү.

Бирок Вашингтондо “чоң жетилик” бирдиктүү аракет планын иштеп чыгарына көпчүлүк аналитиктердин көзү жетпейт. Тескерисинче,өнүккөн өлкөлөр азыркы кризис үчүн бирин-бири айыптай башташты. Италиянын премьери Силвио Берлускони, мисалы, өз өлкөсүндөгү банктардын проблемасын Германия кетирген катачылыктардан көрдү.

Россиянын премьери Владимир Путин “эркин дүйнөнүн жана эркин экономиканын лидери эсептелген АКШ биротоло ишенимден ажыраганын” белгиледи. Британ өкмөтүнүн башчысы Гордон Браун 800 миллион фунт стерлинг өлчөмүндөгү активдерди Исландиянын мамлекеттештирилген банктары менчиктеп алганы үчүн Рейкьявикти күнөөлөп, аны менен соттошконго камынууда. Исландиянын президенти болсо жүрөгү ооруп, ооруканага жаткырылды. АКШ президенти Жорж Буш кризиске байланыштуу бүгүн кайрадан калкка кайрылат.

XS
SM
MD
LG