Бүгүн кыргыз өкмөтү менен Орусиядагы “Ренова” тобу жана Европа банкы ортосунда Кара-Балта тоо- кен комбинатын кайра жабдуу боюнча кызматташуу протоколуна кол коюлду. Ага ылайык “Ренова” тобу комбинатты жакшыртууга 200 миллион долларлык инвестиция салат деп болжолдонууда. Андан тышкары аталган тараптар Камбар-Ата -1 жана Камбар-Ата –2 ГЭСтерин куруу, мунай тармагын жаңылоо боюнча макулдашышты. (BD)