Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:17

СЕРБИЯНЫН ЭКИ КОҢШУСУ КОСОВОНУ ТААНЫДЫ


Жума күнү ырасмий Белград Черногория менен Македониянын элчилеринен тез арада Сербиядан чыгып кетүүнү талап кылды. Мунун алдында эки өлкө тең Косовонун көз карандысыздыгын тааныган эле.

Черногория менен Македония биргелешкен билдирүү кабыл алып, кандай жүйөөлөрдөн улам Косовону таанышканын түшүндүрүштү. Алар баарыдан мурда “Косовонун статусун сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүнүн эч кандай мүмкүнчүлүгү калбаганын” белгилешти. Эки өлкө тең региондо тынчтык жана коопсуздук болушун каалашарын,”Косоводо демократиялык институттардын,көп улуттуу коом түзүлүшүн жакташарын ырасташты. Ал эми Сербияга болсо “евроатлантикалык жана европалык интеграция жолунда изден тайбастан колдоо көрсөткөнгө” убада беришти.

Подгорица менен Скопьенин мындай апаздары Белграддын куйкасын куруштурду. Президент Борис Тадич коңшулардын чечимин кескин айыптап, алар “чоң каталык кетиришкенин” белгиледи. Бул кадамды ал “тышкы кысымдын натыйжасы” деп атады жана аймактагы стабилдүү кырдаалга, коңшулук мамилелерге көмөктөшө албай турганын эскертти.

Белград ошол эле күнү Черногория менен Македониянын элчилерине нота тапшырып, алардын өлкөдөн чыгып кетишин талап кылды. Подгорица менен Скопьедеги серб элчилери да Белградга кайтканга көрсөтмө алышты. Сербия өз элчилерин быйыл февралдан тартып Косовонун көз карандысыздыгын тааныган бардык өлкөлөрдөн чакыртып ала баштаган. Бирок 9-октябрда эле өкмөт аларды элүүгө чукул өлкөлөргө кайра жөнөтүүнү чечкен эле. Коңшулардын кадамынан соң эми бул чечим күчүндө калабы-жокпу, азырынча белгисиз.

Сербия Косовонун статусу тууралуу маселени Улуттар Уюмунун Эл аралык сотуна өткөргөнгө да жетишти. Сентябрда Башкы ассамблеянын бардык 192 мүчөсүнөн бул сунушту 77си колдоп, алтоо каршы болгон. Калыс калгандар арасында Евросоюздун өлкөлөрү көпчүлүктү түзгөн.

Сербиянын эки коңшусу жарыялаган кабарды Косовонун лидерлери, алардын ичинде премьер Хашим Тачи курсант болуп кабыл алды. “Македония менен Черногориянын Косовону тааныганы региондогу тынчтыкты,стабилдүүлүктү жана кызматташтыкты чыңдайт, ошондой эле биздин өлкөлөрдүн Евросоюзга жана НАТОго кошулушун жеңилдетет”,-деп айтты Косовонун өкмөт башчысы.

Байкоочулардын көбү Скопьенин жана Подгорицанын кадамын алардын НАТОго жана Евросоюзга мүчө болуу мүдөөсү менен байланыштырышты.

XS
SM
MD
LG