Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

22:20 Борбордук Азия өлкөлөрүнүн президенттери проблемаларды биргелешип чечүүгө умтулганын көрсөттү


Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, бүгүн кечинде Бишкекте Аларча резиденциясынын Конгресс залында Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев, Казакстанстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстанстандын президенти Ислам Каримов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов катышкан Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын кеңешмеси өттү. Кеңешменин жыйытыгы боюнча Президент Курманбек Бакиев Борбордук Азия мамлекеттеринин баарынын жетекчилеринин атынан басма сөз үчүн билдирүү жасады. Мамлекет башчысы региондогу суу-энегетика чөйрөсүндөгү кызматташтыкка байланышкан маселе талкуунун башкы темасы болуп, ал боюнча конкреттүү чечим кабыл алынганын айтты. Атап айтсак, Кыргызстанга байланыштуу 2009-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга жаратылыш газын үзгүлтүксүз берүү үчүн Өзбекстан тарап резервдерди издээри жөнүндө макулдашууга жетишилди. Анын көлөмү 2008-жылдын биринчи кварталында берилген газдын көлөмүнөн 150 млн. кубга көп болот. Андан сырткары, Казакстандан көмүр керектүү өлчөмдө келип турат. Тиешелүү өкмөттөр аралык келишимге өлкөлөрдүн эксперттери тарабынан эки жуманын ичинде кол коюлат. Мамлекет башчыларынын бул чечими сугат мезгилинде кошуна өлкөлөрдүн сугат сууга керектөөсүн камсыз кылуу үчүн Кыргызстандын суу сактагычтарындагы суунун көлөмүн сактоого багытталган. “Мамлекет башчылары пайда болгон проблемаларды биргелешип чечүүгө аракетин жана жөндөмдүүлүгүн, өз өлкөлөрүнүн жарандарынын турмуш жыргалчылыгын жакшыртуу максатында тыгыз байланышта иштөөгө умтулгандыктарын дагы бир ирет көргөзүштү” –деп баса белгилеген К.Бакиев.

XS
SM
MD
LG