Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Түркиянын согуш учактары Күрт жумушчу партиясынын Түндүк Ирактагы базаларына сокку урду


Түркиянын согуш учактары жана артиллериясы Күрт жумушчу партиясынын (ПККнын) Түндүк Ирактагы базаларына сокку урганын Түрк армиясынан маалымдашты. Бул аралыкта түрк сыналгысы кабарлаганына караганда, Анкара Ирактын Күрт атвономиялуу аймагынын өкмөтү менен ПККга каршы биргелешкен чараларды талкуулоону караштырып жатат. Уюмдун согушкерлери Түркиядагы бир катар кол салуулар үчүн жооптуу. Буга чейин Түрк бийликтери андай сүйлөшүүлөрдү четке кагып, Ирактык күрттөр ПККнын жоочуларын Түндүк Ирактан сүрүп чыгаруу үчүн жетиштүү чара көрбөй жатышат, деп айыптап келген.

XS
SM
MD
LG