Мындай пикирин Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы, коомдук парламенттин мүчөсү Мирослав Ниязов Коопсуздук кеңешинин катчысы И. Исаковдун кызматтан кеткендигине байланыштуу билдирди. Саясатчынын айтымында, Исмаил Исаковдун кызматтан кетиши туура кадам болду. “ И.Исаковду мен ачык, түз жүргөн жигит катары билем. Президент К.Бакиевдин кемчилиги өзүнүн айланасындагы адамдардын башын кошо албай жатканы. БШКнын экс-төрайымы К.Кабилованын , эми И.Исаковдун, буга чейин да бир катар адамдардын кызматтарынан кетиши өлкөдө ыплас саясый оюндар орун алып, ачык саясат болбой жатканына байланыштуу. Бул өз кезегинде президенттин башкаруу тажрыйбасы жок экендигин көрсөтүп турат”, дейт М.Ниязов. Саясатчынын белгилешинче, учурда республикада абал абдан оорлоп кетти. Элдин нааразылыгы күндөн күнгө күч алууда. “Учурда бийликте өз ара ишеним жок. Бийликтегилер президентке ишенбей калышты, президент да өзүнүн бир тууган, жакындарынан башка эч кимге ишенбей калды. Ал эми эл болсо бүтүндөй бийликтегилерге ишенбейт. Мунун кесепети эл ичинде чоң наарызылыктарга алып келиши мүмкүн”, дейт М.Ниязов “Азаттыкка”.(MSu)
12:35 М.Ниязов: Бийлик жашыруун саясат жүргүзүп жаткандыктан аткаминерлер кызматтан кетүүгө мажбур болуп жатышат