Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

ЕВРОПАНЫН ЛИДЕРЛЕРИ КАРЖЫЛЫК КАПСАЛАҢДЫ ТИЗГИНДӨӨ АРАКЕТИНДЕ


Эларалык Валюта кору, өнүккөн жети мамлекетти жана бир катар негизги өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн башын бириктирген “Жыйырманын тобу” финансылык кризисти жөндөө үчүн биргелешип кызматташууга үндөштү. Европанын лидерлери болсо глобалдуу финансылык кризиске байланышкан чараларды координациялоо үчүн бүгүн жекшембиде Парижде чогулушту.

Франциянын президенти Николя Саркози кечинде евромейкиндикке кирген 14 өлкөнүн өкүлдөрүн кабыл алмакчы. Адегенде француз лидери Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браун менен жолугушат. Британия орток валютаны киргизбегени менен, Саркозинин айтымында, орток саясатты иштеп чыгууда өлкөнүн ролу маанилүү.

Британия банк секторун жарым жартылай мамлекеттештирүү планын иштеп чыккан. Ага ылайык, мамлекет банктар ортосундагы карыздарга кепилдик берет жана банктардын акцияларына ээ боло алат. Браун калган европалык өлкөлөрдү ошондой эле чара көрүүгө көндүрө алам деп ынанат. «Муну менен инвесторлордун ишенимин калыбына келтирсе болот», – деп эсептейт премьер.

Өткөн жума биржаларда “кара аптага” айланды. Мындай кыйроо 1929-жылкы кризистен бери орун ала элек эле.

Еврошаркеттин лидерлери биржалар ачылгычакты, башкача айтканда дүйшөмбүнүн таңына чейин орток чара көрүүгө далалаттанышууда.

Буга дейре биримдиктин өлкөлөрү өз алдынча аракеттенип келишти. Өткөн аптада Франция, Германия, Британия жана Италиянын лидерлери биргелешкен план иштеп чыгууда мунасага жетише алышкан жок.

Кечээ болсо Вашингтондо 20 өлкөнүн расмий өкүлдөрү билдирүү кабыл алып, финансылык рыноктогу стабилдүүлүктү камсыздоо үчүн бар аракеттер жумшалат деп ишендиришкен эле.

Топко Чоң Жетиден тышкары Россия, Бразилия, Кытай, Индия кирет. Сөз болгон өлкөлөргө дүйнөлүк экономиканын 85 проценти туура келет.
Кечээки жыйынга америкалык президент Жорж Буш катышты.

Эларалык Валюта корунун жетекчиси Доминик Строс-Кан банктарды кайрадан кредит берүүгө көндүрүү үчүн өкмөттөр көбүрөөк чара көрүүгө тийиш деп белгиледи:

-Келээрки күндөрү ар кыл финансылык институттардын реакциясы позитивдүү болот деп күтөм. Андай болгондо кээ бир рынокторду кайра жандантып, керектүү каржылоону калыбына келтире алабыз.

Эларалык валюта кору ошондой эле кыйынчылыктарга туш болгон өлкөлөргө карыз берүүгө даярдыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG