Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:06

15:30 Т. Сариев: Март окуясы ыңкылап эмес, бийликти басып алуу болду


Мындай пикирин “Ак Шумкар” партиясынын лидери, саясатчы Темир Сариев бүгүн “Кыргыз демократиясына шах” китебинин бет ачаарында билдирди. Саясатчынын пикиринде, 24-марттын майрам катары белгилениши туура эмес. “Муну учурдагы парламент оңдойт деген үмүтүм бар”, дейт т.Сариев. 1,5 миң нускада жарык көргөн “Кыргыз демократиясына шах” китебинде март окуясынан кийин өлкөдөгү саясый абал, декабрдагы парламенттик шайлоо жана кийинки кырдаал, К.Бакиев, Ф.Кулов, А. Атамбаев, Ө.Текебаевдердин сүйлөшүүлөрүндөгү кызыктуу фактылар айтылат. Темир Сариевдин айтымында, “Учкун” баш болуп беш басылма бул китепти басып чыгаруудан баш тартышты. “Китепти чыгарууга мага тилектештерим жардам берди. Бул китепте кээ бир саясатчыларга мүнөздөмө берилет. Ошондой эле эмне үчүн оппозиция жеңишке жетпей калгандыгы, митингдер тууралуу ойлор айтылат”, дейт саясатчы.(MSu)

XS
SM
MD
LG