Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:30

ДЕПУТАТ ШАБОТОЕВДИН ТАБЫЛБАЙ ЖАТЫШЫНА ЖЕРДЕШТЕРИ ТЫНЧСЫЗДАНУУДА


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Депутат Руслан Шаботоевдин дайын-дарексиз жоголуп, ушу күнгө дейре табылбай жатышына жердештери тынчсыздануу билдиришүүдө. Депутаттын кичи мекени – Ысык-Атанын Эпкин айылынын жашоочулары бул окуяга байланыштуу нааразылык акцияларын уюштурууну көздөп жатышат. Аталган айылдын тургуну Азиз Сарлыков бул тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз ободогу маегинде кеп салды.

- Эпкин айылынын тургундары Руслан Шабатоевдин жоголушуна байланыштуу акция өткөргөнү жатыптыр, ошол тууралуу айтып берсеңиз

-
Эпкин айылынын тургундары, Руслан Шабатоевдин жердештери жана шайлоочулары аны табууга бийлик тараптан кандайдыр бир аракеттер болбогондугуна байланыштуу нааразычылык акциясын өткөрөлү деп турабыз. Чынында биздин депутат жердешибиздин жоголушу коомчулукту чоң дүрбөлөңгө салган окуя болду. Бул эмне болгон нерсе, Кыргызстанда абал кандай болуп баратат?


- Нааразылык акциясын айылда гана өткөрөсүздөрбү, же борбор калаа Бишкекке да келесиздерби?

- Биз биринчи айылда өткөрүп, анан болбосо райондук масштабга, анда да жыйынтык болбосо борборго чыгалы деген ойлор бар.

- Азыр мына укук коргоо органдары издеп атабыз деп атпайбы, балким табылып калгысы бардыр?

-Кана эми табылса, издегенине мына бүгүн эки жумадан ашык убакыт болуп кетти, табылбай атат да. Ошол издөө иштери тездетилсин деген максатта нааразылык акцияларын уюштуралы деп жатабыз да. Руслан Шабатоев жөнүндө айтып кетсек, ал айылга абдан көп жардамдарды берди. Мисалы, жаштарды спорт жагынан колдоп, ар кандай жардамдарды берип жатты, форма, акчалай түрүндө сыйлыктарды берип, майрамдарда карыларга ар кандай жардамдарын берип келди.

- Буга чейин президент Курманбек Бакиевге дагы кайрылуу жолдогон экенсиздер. Ошол кайрылуунун маани-маңызын айтып кетсеңиз?

- Президентке жалпы кыргыз элинин атынан жердештери, партиялаштары, туугандары, достору кайрылуу жибергенбиз. Кайрылууда президент Конституциянын гаранты катары Руслан Шабатоевдин табылышын тездетип, бийлик тараптын көбүрөк кийлигишүүсү жазылган.

- Кайрылууну өткөн жумада жолдодуңуздар эле, жооп аладыңыздарбы?

- Кайрылуунун президентке жиберилгенине бир жума болду, эч кандай деле жооп болгон жок мен билгенден.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG