Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

16:35 И. Кадырбеков Билим берүү министрине жана Эсеп палатасынын төрагасына кызматтан кетүүсүн сунуштады


Мындай сунушун Мамлекеттик курулуш агенттигинин мурунку жетекчиси Ишенбай Кадырбеков Билим берүү министри Ишенгүл Болжуровага жана Эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гаипкуловго жолдогон ачык катында билдирди. Катта аталган мекеме башчыларынын мектептерди куруу боюнча Курулуш башкармалыгына карата айтылган айыптары далилденбегени айтылат. И.Кадырбековдун белгилешинче, И.Болжурова курган мектептерге сарпталган каражат агенттик тарабынан курулган мектептерге жумашалган каражаттан бир кыйла жогору. “Министрлик тарабынан Өзгөн районунун Эрдик айылында курулган 200 орундук мектепке 41 млндой сом кеткен, ал эми биз Кочкор районунда Семизбел айылында курган 240 орундук мектеп 30 млн 552 миң сомго айланган. Ошол мектепти силер кымбатка курулган деп жатпайысыңарбы”, деп айтылат кайрылуу катта. Мына ушунун негизинде И. Кадырбеков И.Болжурова менен И.Гаипкуловго кызматтан өз каалоосу менен кетүүнү сунуштады.(MSu)

XS
SM
MD
LG