Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

17:25 Ош: «Жаңы Кыргызстандын» жаштары нааразычылык иш-чарасын баштоого шайма-шай


Бул тууралуу «Азаттыкка» партиянын Ош облусу боюнча жаштар канатынын төрагасы Жоомарт Акматов билдирди. «Азыркы бийлик революцияга катышкан адамдардын үмүтүн актаган жок жана жаштардын бийлике болгон ишеними кетти»,-деди жаш лидер. Анын пикиринде “Жаңы Кыргызстандын” бийлике койгон талаптары тез аранын ичинде аткарылбаса, партиянын түштүктөгү жаштары нааразылык чараларын баштап, жалпы жаштарга чакырык жасоого даяр. Ж. Акматовдун кабарлашынча учурда жумушсуздукка, жарыктын тынымсыз өчүрүлүшүнө жана ЖОЖдордогу күч алган паракорлука нааразы болгон түштүктөгү жаштар бул акцияга кошулууга даярдыгын билдирип жатат. (JA)

XS
SM
MD
LG