Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев билдирди. Министрдин айтымында, жер силкинүүнүн очогу Нура айылынан 5 км алыс жерде же Кытайдын аймагында болушу мүмкүн. Бул маалымат азыр такталып жатат, дейт министр. Маалыматтарга караганда, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:19 жана 15:23 ченде байкалган. К.Ташиев Нура айылында бир да үй жок болгондуктан кыйроолор жана жапа чеккендер болбойт деп билдирди. “Чатырлар 15 баллга чейинки жер тирөөгө туруктуулук бере алат”, дейт.К.Ташиев.(MSu)