Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

7:00 Кечээки жер титирөөдөн курмандыктар жок, бирок жабыркаган үйлөр бар


Мындай маалыматты чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” бир аз мурдараак кабарлады. Анын айтуусунда 13-октябрь күнү түштөн кийин кырныз-кытай-тажик чегарасында болгон 6-6,5 баллдык эки силкинүүдөн Алай районунун Сары-Таш айлы, Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон жана башка айылдары жабыркаган. Түнү менен берилген кабарлар боюнча силкинүү болгон аймакта курмандыктар жок, бирок турак-жайлардын жабыркагандары бар, дейт министр. Жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо иштери улантылып жатат. Кечээ Бишкек убактысы боюнча саат 15:23тө жана 15:25те үч өлкө чектешкен аймакка жакын жерде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болуп өттү. КР сейсмология институтунун маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 150, Алайдын Нура айлынан 35 чакырым аралыкта болгон. Чукул кырдаалдар министрлигинин түштүк башкармалыгы силкинүүнүн күчү Нура айлында жана Эркечтам бажы аймагында 5 балл, ал эми Ош шаарында 4 балл болгондугун кабарлоодо. Чукул кырдаалдар министри Камчыбек Ташиевдин “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча учурда зилзаланын очогунда адистер иштеп, жакын жайгашкан Бор-Баш, Көк-Суу, Бор-Дөбө айылдарын жана Чоң-Алай тараптагы элдүү аймактарды иликтеп жатышат. Силкинүү болгон аймактагы акыркы абал менен министр бүгүн барып таанышмакчы. Камчыбек Ташиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча бүгүн Нурада тез курулуучу 15 үй тургузулат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG