Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

7:15 Жер титирөөдөн жабыркаган балдарды мектептерге орноштуруу иштери уланууда


Алай районундагы Нура айлында 5-октябрь күнкү зилзаладан кийин айылдагы Ысакбек Мону атындагы орто мектепте 181 бала калды. Быйылкы жаңы окуу жылында мектеп партасына 205 бала отурган. Табигый кырсыктын кесепетинен каза тапкан 47 баланын 24ү мектеп окуучулары. Учурда Нуралык 54 окуучу Алай районунун борборуна апкелинип, медициналык кароодон өтүп жатат, алар Гүлчөдөгү жатак-мектепке жайгаштырылат. Мындан тышкары дагы 57 бала Ош шаарындагы ооруканада, ал эми 86 окуучу ата-энеси менен. Алардын баарын мындан ары билим алууларын улантуусу үчүн облустун жатак-мектептерине жайгаштыруу иштери жергиликтүү бийлик жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG