Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:00

НОБЕЛДИН ЭКОНОМИКА СЫЙЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ЭЭСИНИН ЭМГЕКТЕРИНИН МААНИСИ ЭМНЕДЕ?


Дүйнөнүн эң кадыр-барктуу Нобель сыйлыгынын быйылкы лауреаттарынын акыркысынын ысымы кечээ белгилүү болду. Экономика жаатындагы Нобель сыйлыгы америкалык изилдөөчү Пол Кругманга (Paul Krugman) ыйгарылды. Швециянын Падышалык академиясынын чечиминде белгиленгендей, ал сыйлыкка "сооданын өнүгүү жолдорун анализдегени жана экономикалык активдүүлүктүн аймактарын аныктаганы" үчүн арзыды.

Дүйнө каржылык кризиске кептелип, өкмөттөр банктарды кыйроодон сактоого аракеттенип жаткан кезде 2008-жыл үчүн Нобелдин экономика боюнча сыйлыгы либералдык көз карашты карманган америкалык окумуштууга берилип олтурат.

Кошмо Штаттардагы кадыр – барктуу Принстон университетинин 55 жаштагы профессору Кругман эркин соода менен урбанизация жараянынын глобалдык экономикага тийгизген таасирлери боюнча бир нече теорияны түзгөн.

Швециянын Падышалык академиясы сыйлык Пол Кругманга ыйгарылганын жарыялап жатып белгилегендей, ал түзгөн теориялар бүгүнкү дүйнөнүн глобалдашкан экономикасын жакшыраак түшүнүүгө жол ачты.

Сооданын салттуу теориясы боюнча ар бир өлкөнүн экспорттук продукциялары, ошол өлкөнүн жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша аныкталат. Ал эми Нобель сыйлыгын алып жаткан Пол Кругмандын теориясын мындан айрымалуу. Сыйлыкты ыйгарган комитеттин тыянагында көргөзүлгөндөй, Кругмандын теориясы "дүйнөлүк соодада эмне үчүн ошондой шарты бар өлкөлөр эле эмес, ошондой продукциялар менен соода кылган мамлекеттер да үстөмдүк жасарын" түшүндүрөт.

Мындан да кененирээк алганда, анын теориясы аймактар жогорку технологиялуу жана урбанизацияланган "борборлор" же анча өнүкпөгөн "периферияларга" кантип айланып каларын көргөзөт. Глобалдык мүнөзгө ээ бул тенденцияны азыр өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн байкоого болот.

Сыйлыкты ыйгаруу комитетинин мүчөсү, профессор Питер Инглунд (Peter Englund) Кругмандын изилдөөлөрүнүн практикалык мааниси тууралуу мындай дейт:

-Менимче Пол Кругман жасаган нерсе – биз атагандай "позитивдүү теория". Ал бизге дүйнө кантип иштээрин түшүнүүгө жардам берет. Бул саясатка тикелей байланган эмес. Бирок дүйнөнү жакшылап түшүнүү аркылуу биз саясаттагы түрдүү багыттардын таасирин жакшыраак эсептей алабыз. Чөйрөлөрдүн бири – соода боюнча сүйлөшүүлөр. Маселен азыр Дүйнөлүк соода уюму сооданы либералдаштыруу боюнча ыкмаларды баалоодо адатта Кругмандын теориясына негизделген моделдерди колдонот.

Пол Кругман Принстон университетинде экономикадан сабак бергенден тышкары, абройлуу "Нью-Йойрк Таймс" гезитинин баяндамачысы, бир нече илимий китеп менен жүздөгөн макалалардын автору, теледен такай чыгып жүргөн комментатор катары АКШга гана эмес, чет өлкөлөргө да таанымал адис. Ал ошондой эле өз макалаларында президент Жорж Буштун саясатын сынга алып келген.

АКШнын кредит жана карыз берүү саясатынын арты жакшы бүтпөсүн, ички сарптоолордун көбөйүшү, өлкөнүн соода баласындагы эбейгесиз таңкыстык менен коштолгон шартта Американын өзүнө, глобалдык экономикага да оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн экенин азыркы кризистен бир нече жыл мурда эле эскерткен болчу. 2005-жылдын августунда "Нью-Йорк Таймстагы" макаласында "бул күндөрү америкалыктар Кытайдан карызга алынып келинген акча менен төлөнгөн үйлөрдү бири–экинчисине сатуу менен жан багууда", - деп жазыптыр.

Сыйлыкты ыйгаруу комитетинин мүчөсү профессор Питер Инглунддун айтымында, азыркы сыйлыктын глобалдык каржы кризиси менен эч байланышы жок:

-Бул тандоо азыркы кризисти эске алуу менен тандалбаганы анык. Бул сыйлык комитети иштей турган жол эмес. Биз азыркы кризис келээрден кыйла убакыт мурда эле ойлоно баштаганбыз. Бул сыйлык бизге глобалдашууну жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Балким глобалдашуу реалдуу чөйрөдө: товарлар менен кызматтын агымында көбүрөөк сезилер, кризис болсо көбүнесе акчанын агымы менен байланыштуу. Кругман ушул чөйрөдө да изилдөөлөрдү жүргүзгөнү менен сыйлык ал үчүн берилген жок.

Экономика жаатындагы Нобель сыйлыгы Альфред Нобель 1895 –жылы беш: медицина, химия, физика, адабият жана тынчтык жаатында негиздеген сыйлыктардын арасында жок болчу.

Бул сыйлыкты мындан 40 жылча мурда, 1968-жылы Нобелдин урматына Швециянын Борбордук банкы уюштурган. Сыйлыктын өлчөмү 1,4 миллион долларга барабар. Нобель сыйлыгын ээлерине тапшыруу салтанаты 10-декабрда Стокгольм менен Ослодо өтөт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG