Кыргыз драматургдары менен казак драматургдарынын чыгармачылык байланышы салттуу көрүнүш катары уланып келет. Мына ушул байланыш бүгүнкү күндө да уланып, бүгүн кечки саат 18 де улуттук опера жана балет театрында казак драматургу, Казакстандын эл артисти Талгат Теменовдун “Алма багы” драмасынын бетачары өтөт. Премьерага Талгат Теменов жана казак театр ишмерлери, кыргыз театр ишмерлери катышмакчы.
Оюнду коюп жаткан жаш режиссер Назым Мендебаировдун оюнду коюудагы чыгармачылыгын театрдын адабияй бөлүмүнүн жетекчиси Зухра Жамангулова төмөнкүчө белгиледи:
- Драматургдун коомдогу социалдык, нравалык проблемаларды козгогон оюн жаш режиссер Назым Мендебаиров бүтүндөй сахналык каражаттардын арсеналы аркылуу окуяны драмалык чыңалууга жеткирип, трагедиялык финалга алып келет. Режиссер тарабынан автордук ансамбль, стенография, музыка образдуу унисондук түрдө коюлуп, спектаклдин ийгиликтүү коюлушуна өбөлгө түзүп жатат.
Драмадагы окуянын жүрүшү Бишкектеги алма бактуу үйдүн айланасында өтөт. Чыгармадагы алма бак драмадагы бардык окуяларды туташтырып турган башкы түйүн катары көз алдыга тартылат.
Талгат Теменовдун “Алма багы” драмасынын негизги өзөгүн Зухра Жамангулова мындайча чечмеледи:
- Драманын өзөгүндө кийинки учурда жаштардын нравалык ориентиринин жоголуп баратышы, рухий дүйнөсүнүн кризиске кабылышы даана көрүнөт. Чыгармада муундардын байланышын, ата-бабалардын рухий-нравалык баалуулуктарын баалоону, коомдогу рухий кризисти жоюуну жана экология маселелерин аңдоону көтөрөт.
Талгат Теменовдун “Алма багы” драмасын театрга жаш режиссер, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты Назым Мендебаиров алып чыгып жатат. Сүрөтчү-коюучу Арефьев атындагы сыйлыктын лауреаты Садыр Ниязакунов. Костюмдарды Мадина Тапаева жасалгады. Башкы ролдордо кыргыз эл артисти Замирбек Сооронбаев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Марат Козукеев, Сатылган Сазаев жана Альбина Имашевалар ойнойт.
“Алма багы” драмасынын автору Талгат Теменов кыргыз артисттери ойноп жаткан оюн менен таанышып, оюн автордун жана драманы сахнага алып чыгып жаткан кыргыз артисттеринин ой-пикирлеринин жыйынтыгы менен элге сунушталып жатат.