Министр Хусаин ал-Шахристани мунай секторуна инвестиция салуу жөнүндө маалымат берди. Ирак өкмөтү өлкөнүн мунай жана газ кендерин иштетүү боюнча бардык долбоорлордо акциялардын 51 пайызына ээлик кылууну көздөөдө. Ушу тапта Иракта күнүнө 2 жарым миллион баррелге жакын мунай өндүрүлөт. Өкмөт чет мамлекеттик фирмалардын жардамы менен бул көрсөткүч эки эсеге өсөт деп үмүттөнүүдө. Согуш башталган 2003-жылдан бери чет элдик компаниялар Ирактын мунай тармагын өнүктүрүүгө катышпай калышкан.