Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:08

17:55 Жалал-Абатта шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланууда


Бүгүн кодекске кошумчаларды киргизүү боюнча соңку талкуу болуп, ага саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын, депутаттыка талапкерлердин, байкоочулардын, шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү келишти. Анда айтылгандай, Базар-Коргон районунда үстүртөн түзүлгөндүктөн шайлоокомдун төрайымы башчы болгонун билген эмес, Орусияда иштегендер да комиссияга мүчөлүккө жазылып калган. Шайлоо таза өткөн жок жана эл толук катышпады. Тизмелер баш-аламан, паспортсуздар добуш бере албай калса, айрым участоктордо кайталап бюллетень таштоолор, шайлоочулардын санын көбөйтүп жазуулар болгон. Комиссиялардын курамына каалоочулар жана бейөкмөт уюмдар кошулса, тизмени айыл башчылар түзсө, жергиликтүү кеңеш шайлоосу да партиялык тизме менен өтүп, шайлоокомду талапкерлер менен партиялар уюштурса деген сунуштар айтылды. (YA)

XS
SM
MD
LG