Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:25

7:00 Революциялык комитет бийликти кетирүү боюнча жасалуучу аракеттерин ачыктайт


Буга байланыштуу ревкомдун төрагасы Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйынын өткөрөт. Революциялык комитет азыркы бийликти Конституциялык жол менен токтоосуз түрдө тактан кулатуу тууралуу кайрылуусун бир ай мурун Кыргызстан элине жолдогон. Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча ревком ыйык Орозо айынын аякташын, КМШ саммитинин тынч өтүүсүн күтүп келди. Бүгүн революциялык комитеттин мындан аркы таштай турган кадамдары тууралуу ачык айтылып, алгачкы аракеттер башталмакчы. Революциялык комитет үстүбүздөгү жылдын жаз айларында түзүлүп, 2005-жылкы март окуясынын максаттары ишке ашкан жок, анын баарын азыркы президент уурдап алып, бирок ишке ашырбай, мурдагы бийлик түзүп кеткен үй-бүлөлүк башкаруу системасын биротоло орнотуп салды, деп эсептейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG