Бүгүн социал-демократиялык фракциянын депутаттары транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов менен жолугушууда 6.5 миллион долларга президентке учак сатып алышын сынга алышты. Депутаттар мугалимдерге эмгек стажы үчүн акы төлөнбөй жаткан чакта мамлекет башчысы үчүн учак сатып алынышы туура эмес деп баалап, жарандык авиацияда коррупция күчөп, коопсуздук маселеси начар экенин белгилешти. Ошол эле учурда жолдорду оңдоодо жылыштар бар экени айтылды. Транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулаймановдун билдирүүсүнө караганда, келерки жылдан баштап Бишкек-Нарын-Торугарт жолу курула баштайт. Бул үчүн Азия өнүктүрүү банкы 30 миллион доллар насыя бөлдү.(AiT)