Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:56

14:22 Ички иштер министринин орун басары депутат Шаботоевдин жердештери менен жолугушту


Жолугушууга министрдин биринчи орун басары С. Курманалиев, Чүй облус жана Ысык-Ата райондук милициянын башчылары катышып, Руслан Шаботоевди издөө ишинин жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Милиция кызматкерлери шектүү бир нече киши кармалганын жана бул окуяга байланыштуу ишти аягына чыгаруу үчүн бардык аракеттер жасалып жатканын билдиришти. Бул тууралуу жолугушууга катышкан социал-демократиялык фракциянын жетекчисинин орун басары Иса Өмүркулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Руслан Шаботоевдин партиялаштары учурда анын жоголушуна саясий ишмердүүлүгү, бизнеси, же жеке иштери себеп болду деп жарыялоодон четтеп, тартип коргоо органдарынын ишине жолтоо кылбоону чечишти.(AiT)

XS
SM
MD
LG