Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

15:50 Президент Кыргызстандагы профсоюздардын ишин сынга алды


Курманбек Бакиев бүгүн Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда социалдык коргоо жана профсоюздардын кызматкерлери менен жолугуп, аларды 19-октябрь кесиптик майрамы менен куттуктады. Соңку үч жылда пенсия алты жолу көтөрүлгөнүн, инфляция эске алынып пенсия быйыл бир аз көбөйгөнүн айтты. Кыргызстандагы Социалдык фонддун түзүлгөнүнө быйыл он беш жыл болгонун белгиледи. Социалдык коргоо тармагында иштеген төрт кишиге "эмгек сиңирген ишмер" деген наам ыйгарылды. Дагы он киши ардак грамота менен сыйланды. Президент профсоюздарды учурда карапайым жумушчуларга жетишерлик колдоо көрсөтпөй жатат, деп айыптады. Аларды мындан ары жандуурак иштөөгө чакырды. (EBM)

XS
SM
MD
LG