Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

Брюсселде Еврошаркеттин саммити башталууда


Глобалдык каржылык кризис эки күндүк жыйында үстөмдүк кылуучу башкы маселе болору күтүлүүдө. Бирдиктүү акча - еврону колдонгон 15 өлкөнүн лидерлери, өткөн аптада кыйынчылыкка кабылган банктарды куткаруу жана алардын бири-бирине карыз берүүсүн жандандыруу үчүн бир нече миллиард евро ажыратууну караган планды жактырышкан. Еврошаркетке кирген 27 өлкөнүн лидерлери бул чечимди колдоору күтүлүүдө. Мындан сырткары самитте Орусия менен жаңы өнөктөштүк келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра жандандыруу же жандандырбоо маселеси да каралмакчы. Ал сүйлөшүү Орусия августта Грузияга кол салгандан кийин токтотулган.

XS
SM
MD
LG