Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:27

7:30 16-октябрда “Кыргызстандагы жаза өтөөчү жайларга коомдук мониторинг жүргүзүү” деп аталган семинар өз ишин баштайт


Үч күнгө созулуучу бул семинар БУУнун адам укугу боюнча жогорку комиссариаты, “Эл аралык түрмө реформасы” уюму менен бирге Кыргызстандын жарандык коому тарабынан өткөрүлүүдө. Анда жаза өтөөчү жайларындагы адам укуктарынын сакталышы, буга байланыштуу абактарды реформалоо, жаза өтөө жайларындагы адам укуктарынын сакталышына жарандык коом тарабынан көзөмөл, байкоо жүргүзүп туруунун зарылдыгы, мааниси тууралуу айтылмакчы. “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунун тараткан маалыматы боюнча Кыргызстандагы абактар түп-тамырынан бери реформалоого муктаж, ал эми абакта кармалып жаткандардын укугу жарандык коомдун көзөмөлүнөн жана байкоосунан өтүп турууга тийиш.(ZKo)

XS
SM
MD
LG