Иш-чараны “Маданият –дүйнө жарыгы” коомдук уюму “Демократиянын көчө сабактары” долбоорунун алкагында өткөрүүдө. Аталган уюмдун жетекчиси Максим Кулешовдун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча акция 5-октябрда болгон жергиликтүү кеңештерге шайлоодогу элдин чыныгы добушун БШК тарабынан бурмалоону жокко чыгаруу аракетин көздөйт. Иш-чара бүгүн саат 15:00 Өкмөт үйүнүн алдында болот. (ZKo)