Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

ПОЛИТКОВСКАЯНЫН ИШИ БОЮНЧА СОТ БАШТАЛДЫ


Журналист Анна Политковскаянын өлүмүнө байланыштуу Москвада сот процесси ачылды. Ишти округдун аскери соту карайт. Процесс ачылган күнү сот тараптардын сунуштарын жана талаптарын укту.

Тергөөчүлөр менен адвокаттар процесс жабык мүнөздө болушу мүмкүн деп болжолдошот. Анткени кылмыш ишине байланышкан документтерде мамлекеттик жашыруун маанидеги бир топ материалдар бар көрүнөт. Процесстин биринчи күнү прокурор үч айыпкерди тең камакта калтырууну талап кылды. Аларды түрмөдө кармоо мөөнөтү бүгүн бүтөт, бирок сот аны дагы алты айга узарта алат.

Политковскаянын өлүмүнө байланыштуу милициянын мурдагы кызматкери Сергей Хажикурбанов, чеченстандык бир туугандар Жабраил жана Ибрагим Махмудовдор кармалып, айыпталган. Махмудовдордун үчүнчү бир тууганы Рустамды тергөөчүлөр журналистти өз үйүнө кире бериште атып өлтүргөн деп эсептешет, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Бирок журналисттин уулу Илья Политковский апасынын өлүмүнө байланыштуу иш толук териштирилбегенин, чыныгы кылмышкерлер табыларынан түңүлүп калганын билдирди. Андан айрымаланып, “Новая газетанын” башкы редакторунун орунбасары Сергей Соколов кылмышкерлердин ким экени аныкталарына аздыр-көптүр ишенич жаралды деп эсептейт. “Бери эле дегенде мен буга үмүттөнөм,- деп айтты ал.- Бу жагынан тергөөчүлөрдө да, аларга катарлаш ишти өзүнчө иликтеп жаткан газетанын өзүндө да айрым жүйөөлөр бар, заказчылардын жана алардын тапшырмасын аткаргандардын аты-жөнүн аныктай алабыз деп ойлойм. Бирок алардын күнөөсү сотто кантип далилденет – бул азырынча бүдөмүк”.

Сотто Политковскаянын үй-бүлө өкүлдөрү менен алардын адвокаты Анна Ставицкая процесстин бир аптага токтотулушун суранышты. Жабырланган тарап процесске алардын дагы бир адвокаты Карина Москаленко катышышы зарыл деп эсептешет. Сот бул сунушту кабыл алган жок. Процесс жума күнү, 17-октябрда улантылат. Москваленко ага эмдиги аптада барып катышышы мүмкүн.

Адвокат Ставицкая жекшемби күнү Москваленконун күйөөсү машинасын тазалап жатып, сымап түспөлдүү уулуу зат таап алганын, Карина азыр эки баласы менен ооруканада жатканын бышыктады.

Бул иш Страсбургда болгон экен, анын чоо-жайын ушу тапта француз полициясы териштирип жатат. Москаленко адвокат катары Политковскаянын ишинен тышкары ЮКОС компаниясынын, бийликтер Россияга киргизбей коюшкан журналист Наталья Морардын, ал эми адам укуктары боюнча Европа сотунда чечен тургундарынын кызыкчылыктарын коргоп жүрөт.

XS
SM
MD
LG