“Кыргызстан энергетикалык коопсуздугунан толук айрылганы турабы?” деген макаласында “Жаңырык апта” гезити орус президентинин ырасмий иш сапары учурунда кол койгон башка документтер менен катар эле энергетика тармагын камтыган Орусиянын “Газпром” ишканасына Кыргызстан “Кыргызгаз” ишканасынын 75 пайыз акциясын сата турган болгонун, эки тараптын мындай келишимине ылайык ГЭСтерди да биргелешип куруу каралганын, мындан улам “Кыргызгазды” сатуу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна олуттуу таасир тийгизет деген чочулоолор чыгып атканын, депутат Бакыт Бешимовдун оюнча, стратегиялык тармактарды кимдир бирөөлөрдүн колуна өтүп кетери менен Кыргызстан ага көз каранды болуп каларын, тилекке каршы бийлик энергетика тармагын Жогорку Кеңешке салбай туруп эле чечкени калганын айтса, саясат иликтөөчү Валентин Богатырев Кыргызстандын газ тармагы Маскөөнүн колуна өтөрү менен ал ошол мамлекеттин көзөмөлүндө болорун, ал эми Камбар Ата ГЭСтерин чогулуп куруу дегендик Орусиянын бүтүндөй Нарын каскадына кожоюндук кылгысы келгенин түшүндүрөрүн, эчким азыр бекер эчтемке бербестигин, орус бийлиги бүгүн курулуш үчүн бере турган карызын белек катары көрсөтүп атканын, бирок чынында андай эместигин, алар ошондой жол менен Кыргызстандын энергетикасына эле эмес, суусуна да кожоюн болууну каалап тургандыгын, эгерде Орусия Нарын суусун көзөмөлгө алса анда аны менен бирге эле Өзбекстанды толук, Казакстандын кыргыз суусуна таңсык түштүк аймагын да көзөмөлгө аларын, иттин өлүгү ушул жерде көмүлүп жаткандыгын ачык айтты.
Гезит Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган А. Мадумаров тууралуу ой-пикирлерге да орун берди. Бир макаласында аны революционерлердин катарына кошууга болбостугун, 1-ден бул жигит кызматты жакшы көрөрүн, 2-ден революция учурунда эл алдына чыкпагандыгын, 3-дөн бийликке кошомат кылып Каркыра менен пансионаттарды казак кайын-журтуна кармата бергенин жазды. Бүгүнкү бийлик тууралуу ойлорун айткан саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын төрага орунбасары Дүйшөн Чотонов: “Биз колдон келгенди жасайбыз. Анткени Бакиевди бийликке алып келген, Кыргызстанды ушундай абалга жетирген силерсиңер дегендей дооматтар коюлууда. Ошондуктан Бакиевдин үй-бүлөлүк системасынан элди куткарууга колдон келген аракетибизди жасайбыз” десе, белгилүү саясый ишмер Топчубек Тургуналиев, “2002-жылдын 10-июнунда Жаңы-Жолдук Осмон деген абам Акаевге оң бата, сол бата берген. Бул деген өтө жаман болот. Тууган күйдүрүп айтат дегендей мен Бакиевге күйдүрүп айтайын, ошого өзүңдү жеткирбей эрте кетип кал. Элдин каары, элдин андай батасы сени соо калтырбайт. Себеби коррупция деген Кыргызстандын бардык жагына тарап кетти. Акаевди аялы башкарган президент дечү элек. Ал эми Бакиевди өзүнүн баласы Максим башкарып жатат. Ошондуктан Бакиевдин колунан келбей калды. Ал мамлекеттик бийликти талатып жиберди, жыдыды, ооматы кетти” деп айтты.
“Лица” гезити белгилүү саясатчы Темир Сариевдин “Кыргыз демократиясына шах” деген аталыш менен басмадан чыккан китебинен үзүндү жарыялай баштады. Автор 2005-жылдын мартынан 2007-жылдын декабрына чейинки Кыргызстандын атын дүйнөгө дүң кылган саясый окуялар, анын окурмандарга белгисиз жактары, окуяга катышкандардын айткан-дегендери, кызыктуу жагдайлары тууралуу сөз кылган.
“Аалам” гезити “Адахан Мадумаровдун Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалышын кандай кабыл алдыңыз?”деген суроо менен айрым саясатчыларга кайрылганда Мирослав Ниязов, ал бул кызматка өз каалоосу менен барганын, бирок бул орунга ким барбасын өлкөдө принципиалдуу өзгөрүү болбой тургандыгын айтса, Темир Сариев, И. Исаков президенттин жүргүзүп жаткан саясатына каршы “Кыргызстандын келечегин караңгылыкка алып баратабыз” деп өз арызы менен кетсе, Мадумаровдун ал орунга барганы кызмат десе бардыгына даяр экендигин көрсөттү деп, депутат Бегалы Наргозуев “Адахан Кимсанбаевичтин бул ишти жөнгө салып кетерине көзүм толук жетет” деп, Аликбек Жекшенкулов “...бул кызматты ийгиликтүү аркалап кете алат деп ишене албайм” деп, Султан Урманаев “Эмне максат менен барганын такыр түшүнбөй турам. Эртең Адахан өзү дагы, президент дагы уят болуп калышы мүмкүн” деп, Демократиялык ордо союзунун координатору Алик Орозов, “... Акүйдө Адахан Мадумаровдун оппоненти Медет Чоканович болсо керек эле. Адахандын спикерликтен кетишине да салымы бар. Мадумаров өзү негизинен тың жигит. Иштеп кетүүгө анын күчү жетет” деп жооп берди.