Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

«ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ – УЛУУ ОЙЧУЛ» АТТУУ ЭЛ АРАЛЫК СИМПОЗИУМ ӨТҮҮДӨ


Бүгүн кыргыз-түрк Манас университетинде аталган окуу жайдын жана Түркиядагы Ата-Түрк маданият борборунун уюштуруусунда “Чыңгыз Айтматов - улуу ойчул” деп аталган эл аралык симпозиум ачылат. Симпозиум улуу жазуучунун 80 жылдык мааракесине арналып, Түркиядан, Казакстандан, Азербайжандан окумуштуулар катышмакчы.

“Чыңгыз Айтматов - улуу ойчул” аттуу бул эл аралык симпозиумда кыркка жакын адабиятчы-айтматовчулар атайын докладдар менен чыгып сүйлөшөт. Кыргыз-түрк Манас университети эрте жазда Айтматовдун мааракесин утурлап жаш окумуштуулардын жумалыгын өткөргөн эле. Анда Айтматов да катышып, омоктуу ойлорун айткан болчу. Ал эми бүгүнкү жыйын мына ошол иш-чаранын уландысы.

Кыргыз-түрк Манас университетинин гуманитардык факультетинин деканынын орунбасары Дөөлөтбек Сапаралиев аталган иш-чаранын ачылышына мындайча токтолду:

- Аталган эл аралык жыйын эрте мененки саат 9 да Чыңгыз Айтматовдун Ата-Бейиттеги жайына барып таазим этүү менен башталат. Андан кийин Ата-Манас салонунда же кыргыз-түрк Манас университетинин башкы имаратында симпозиумдун ачылышы болот. Конференцияга белгилүү окумуштуулар, депутаттар, ишмерлер жана бийлик өкүлдөрү чакырылды.

“Чыңгыз Айтматов - улуу ойчул” аттуу эл аралык жыйынга түрк окумуштуулары Осман Харата, Рамазан Коркмаз, Ахмед Буран жана башкалар, Казакстандан болсо Дандай Исхаков, Кулбек Ергобеков, Зенол Бисангалин ошондой эле Азербайжандан, Кыргызстандан адабиятчылар катышмакчы. Аталган симпозиумдун максаты – Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын ар тараптуу изилдеп кароо.

Белгилүү адабиятчы, Айтматов клубунун президенти Абдылдажан Акматалиев конференцияда “Айтматовдун чыгармачылыгынын көркөм сыры” деген доклад менен чыкмакчы:

- Айтматов феноменинин сыры эмнеде турат? Адамдардын жан дүйнөсүн чагылдырууда, социалдык, нравалык, философиялык проблемаларды көтөрүүдө сөз артында адамзат проблемаларына тиешелүү кандай маселелерди чагылдырып келген, уламышты, мифологияны чыгармада пайдаланууда кандай каражаттарды колдонгон – менин докладым мына ушул маселелердин тегерегинде болмокчу.

Кыргыз-түрк Манас университетинде бүгүн ачылып жаткан “Чыңгыз Айтматов - улуу ойчул” аттуу эл аралык жыйын эртең, 17-октябрда да уланмакчы.

Мына ушул симпозиумдун эртеңки иши боюнча аталган окуу жайдын гуманитардык факультетинин деканынын орунбасары Дөөлөтбек Сапаралиев буларды айтып берди:

- Чыңгыз Айтматовдун китептеринин жана бул кишинин чыгармачылыгын, ишмердигин камтыган китептердин көргөзмөсү уюштурулат. Айтматов тууралуу тартылган айрым тасмалар көрсөтүлөт. Ошондой эле мына ушул эл аралык симпозиумда сүйлөнгөн сөздөр өзүнчө китеп болуп чыгат.
XS
SM
MD
LG