Мындай билдирүүнү Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаков бүгүн “Азаттыкка” жасады. Анын айтымында, жогору жакта “Исмаил Исаковду чоң саясатка чыгарбоо жөнүндө” буйрук болуп, аны аткаруучулар ар кандай кадамга барышы ыктымал. Ошондуктан ушундай эскертүү жасалууда. Исмаил Исаков президенттин ички, тышкы жана кадрдык саясаты менен макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан бошотуу арызын өткөн жумада жазган. Президент И.Исаковдун кызматтан бошотуу арызын кабыл алып, аны бошоткон. Коопсуздук кеңештин катчысы кызматына 15-октябрда Жогорку Кенештин мурунку төрагасы Адахан Мадумаров дайындалды.(AiT)
12:21 И.Исаков: Эгерде мен же жакындарым бирдемке болсо, ага президент К.Бакиев жооп берет