Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

ФУТБОЛДОН КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНДУГУН КИМ ЖЕҢИП АЛАТ?


Кыргызстандын футболдон 17-чемпионатынын финалдык таймашууларында өлкөнүн төрт жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы менен Канттын “Абдыш ата” командалары беттешкенде гана быйылкы жеңүүчү аныкталат. Өлкөнүн футбол чемпионаты 18-октябрь ишемби күнү жыйынтыкталмакчы.

Кыргызстандын футбол чемпионатында Жогорку Лигада мурда 14 –12 командалар ат салышып келсе, быйыл 9 команда гана ойноп жатат. Футбол чемпионатынын жыйынтыкталаарына бир тур оюну калса да ким жеңүүчү болоору али белгисиз. Себеби алдынкы орундарда келаткан Канттын “Абдышата” командасы менен Нарындын “Дородой-Динамо” командалары 14 беттешүү өткөргөнү менен канттыктар үч упай менен алдыда келатат. Ушул ишемби күнү быйылкы 17-чемпионаттын үчүнчү орунду кайсы команда ээлери аныкталат. Эгерде Ош шаарынын “Алай” командасы Карасуунун “Жаштык-Ак алтын” командасын жеңип алса, анда “Алайдын” футболчулары коло байгенин ээси болушу ыктымал. Тилекке каршы “Алай” командасы утулуп же тең чыгып калса, анда үчүнчү орунга Кочкоратанын “Нефтчи” командасы татыктуу болот.

Нарындын “Дордой-Динамо” командасы чемпиондугун бешинчи ирет сактап калуу үчүн ишембиде “Кант-77” командасын жана 22-октябрга жылдырылып калган негизги атаандашы Канттын ”Абдыш ата” командасын утуп алуусу зарыл.

Футбол күйөрмандарынын баамында жыл өткөн сайын футбол клубдарынын саны кыскарып, 3- 4 гана команда үстөмдүк кылуу менен чеберчилик төмөндөп баратат.

Быйылкы чемпионата атаандаштарынын дарбазасына көп топ киргизген Канттын «Абдыш ата» командасынын чабуулчусу Хуршит Лутфуллаев болууда. Ал эми мурдакы жылы мыкты чабуулчу аталган ушул командасынын өкүлү Алмаз Мирзалиев 16 топ киргизүү менен айырмаланган.

Футбол күйөрманы Күнболот Момоконовдун пикиринде Кыргызстандын футбол боюнча чемпионатына 4 облус жана Бишкек шаарларынын командалары гана катышып, футболго айыл жергесинде көңүл бурулбай, жылдан жылга кыргыз футболунун деңгээли төмөндөп баратат.

Мына ушундай пикирди футбол күйөрманы, куудул Кубан Алимов да айтып, футбол оюндары жарнамаланбай, күйөрмандарды кызыктыруучу иш- чаралар аткарылбай жаткандыгын белгиледи.

Ал эми бишкектик күйөрман Бактияр Шаматовдун пикиринде футболдук өнүктүрүү боюнча улуттук долбоор, өкмөттүк колдоо зарыл.

Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Амангелди Муралиевдин айтымында футболго өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлбөгөндүктөн командалардын каражаты жетишпей марадан чыгып калууда.

Мыкты футболчулар коңшу өлкөлөргө кетип калса да алар үчүн футбол клубдарына компенсация төлөнбөйт.

Футбол чемпионатынын ушул ишембидеги акыркы беттешүүлөрүндө Бишкектин “Шер” командасы менен Канттын “Абдыш ата” командасы беттешет. Мында “Шердин” жигиттери утуп алышса деле байгелүү орунга илинбейт. Учурда канттык футболчулар баш байгеге талапкер болуп турушат. Ал эми чемпиондук наамын сактап калууга аракет кылып жаткан Нарындын “Дордой-Динамо” командасы “Кант-77” командасы менен беттешип, аны утуп алуусу зарыл. Ошондой эле жаш футболчулардан куралган Бишкектин “Дордой-Плаза” командасы менен Канттын “Абдыш ата-91” командалары үчүн быйылкы чемпионат аларга сабак болууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG