Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

СЫРДУУ ЖОГОЛУУЛАРДЫН ТҮЙҮНҮ ЧЕЧИЛЕБИ?


Бүгүн Жогорку Кеңеш Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, депутат Руслан Шаботоевдин жана ушул эле фракциянын мүчөсү Жусупжан Жээнбековдун уулунун жоголушу боюнча маселени жабык карады. Социал-демократтар фракциясынын депутаттары бул иштер боюнча тергөө-иликтөө иштеринин жүрүп жаткандыгына байланыштуу жана жоголгондордун тарапкерлерин тынчсыздандырбоо максатында өздөрүнүн ар кандай божомолдорун айтуудан карманып турушат. Ошентсе да Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Мурат Суталинов жыйын учурунда бул адамдардын жоголушунда саясий себептер жок экендигин билдирген.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Бегалы Наргозуевдин жыйын соңунда “Азаттыкка” билдиргенине караганда, депутат Руслан Шаботоев менен депутат Жусупжан Жээнбековдун уулунун жоголуу фактысы боюнча тергөө-иликтөө органдары жаңы эч нерсе айта алышкан жок. Анын айтымында, ички иштер министрлиги шектүү делген адамдарды кармап, бирок далил жоктугунан кайра бошотушкан. Буга Башкы прокуратура жетекчилиги каршылыгын билдирип, шектүү деп эле ар кимди кармап, камай берүү мыйзам бузуу, адам укуктарын сыйлабоо болорун билдирген.

Ошентсе да коопсуздук органдары акыры өз ара түшүнүшкөнүн айткан депутат, бул адамдардын жоголушунда саясий себептердин жок экендиги айтылганын билдирди:

- Мурат Суталиновго ушундай суроо берген элем. Эмне үчүн экөө тең Социал демократтар фракциясына байланыштуу экендигин. Комитет жыйынында жооп берди, “экөөнүн жоголушунун байланышы жок, булар төп келип калды” деп. Мунун саясий жагы жок экендигин түшүндүрдү. Эми мен анын бардыгын айта албайм, комитеттин жашыруун жыйынында алар бир топ маалымат беришти. Ошондо алар бизди бул иштердин саясий жагы жок экендигин айтып, ишендире алышты. Негизинен бул экөө тең коммерция менен шугулданган жигиттер экен, андыктан бул өздөрүнүн жумушуна байланыштуу, негизги божомол ушул деп атышат.

Ал эми Социал демократтар фракциясынын депутаттары азырынча тергөөгө тоскоол болбоо, жоголгондордун жакындарынын жана тарапкерлеринин канын кызытпоо максатында өздөрүнө маалым божомолдорду, маалыматтарды ачыкка чыгарбай турууну чечишкенин айтышууда.

Ошондой эле “Ак жол” фракциясынын мүчөсү, депутат Бегалы Наргозуев, бул маселени Жогорку Кеңеште ачык кароо тууралуу суроо койгондугун, бирок Социал демократтар менен Коммунисттер маселени жабык кароо керектигин айтып чыгышканын ырастады.

Социал демократтар фракциясынын мүчөсү, депутат Иса Өмүркулов бул сырдуу жоголуулар тууралуу маселенин эмне себептен жабык каралганын мындайча түшүндүрдү:

- Ал жердеги көп маселелер, биз берген суроолор иликтөө иштерине тоскоол болуп калбасын дедик. Анткени ал жерде ар кандай ачуу суроолор болду, жооптор болду. Кылмышка тиешеси бар деген көптөгөн адамдар суралып атыптыр, алардын дагы моралдык жагын эске алдык. Ошондуктан жабык угалы деп, депутаттар ушундай чечишти.

Ошентип, азырынча парламент депутаты менен дагы бир депутаттын уулунун жоголушу боюнча чуулгандуу маселе соңуна чыкпай келет. Бул боюнча түрдүү божомолдор айтылганы менен тергөө органдары эң негизги божомол катары алардын профессионалдык иштерин карап жатышканы анык болду.

“Азаттыктын” архивиндеги сүрөттө: депутат Руслан Шаботоев кабарчыбыз Акан Имановдун суроолоруна жооп берүүдө.

XS
SM
MD
LG