Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

“ХИЗБУТ-ТАХРИРДИН” 31 МҮЧӨСҮ ТЕРГӨӨ БҮТКҮЧӨ КАМАКТА БОЛОТ


Ош милициясынан мурда маалымдашкандай, 1-октябрдагы Орозо Айтта Ноокатта массалык башаламандык уюштуруп, райакимчиликтин имаратын талкалоого катышкан “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик партиясынын 31 мүчөсү кармалган эле. Бүгүн аларга айыбы угузулуп, сот бардыгын тергөө бүткүчө камоого санкция берди. Коомчулук өкүлдөрү айыпталуучуларды аеосуз жазалоону талап кылышса, айрым серепчилер диний агымдарга мындайча тыюу салуу кырдаалды ого бетер курчутаарын белгилешүүдө.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев «Азаттыкка» кабарлагандай, 1-октябрдагы Орозо Айтта Ноокат райакимчилигинин имаратын талкалоого катышкан “Хизб-ут-Тахрир” диний экстремисттик партиясынын 31 мүчөсүн бардыгын сот тергөө бүткүчө камоого санкция берди. Аларга массалык башаламандыкты уюштурган, жаш өспүрүмдөрдү кылмыш жасоого аралаштырган, мамлекеттик мүлктү талкалаган жана бийлик өкүлдөрүнө кол салган деген айыптар угузулду:

- Онго жакыны мурдатан каттоодо туруп, активдүү “Хизб-ут тахрир” партиясынын ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан адамдар. Ал эми калган 20дан ашыгы партиянын ишине көмөктөшүп жүргөндөр. Баш коргоо чарасы камака алуу боюнча атайын санкция берилген баарына. Массалык башаламандыктарды уюштургандыгы, жаш өспүрүмдөрдү кылмышка түрткөндүгү, ошондой эле мамлекеттик мүлккө зыян келтирип, укук коргоо органдарына кол салганы боюнча айыбы баарына угузулган.

1-октябрдагы акциянынын активдүү катышуучусу Акбаралы Эргешов тагылган айыптын бирине дагы макул эместигин билдирди:

- Орозо Айтты Өкмөт өзү жарыялап, уюштурбадыбы. Анда эмне, өзү күнөөкөрбү? Желим союл, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, элди кууп тараткан, баарын талкалаган милициянын атайын отряды болбодубу. Эми түштөн кийин жоош бирөөлөрдүн мойнуна кине илип, актаныштын кажети не? Биздин «Хизб-ут-Тахрир» партиясына кымындай да тиешебиз жок. Эртедир-кечтир чындык калкып чыгаарына ишенем.

Окуянын күбөсү, Ноокат райондук агартуу бөлүмүнүн башчысы Икрам Рахманов Орозо Айттагы тополоңго Өзбекстандын жарандары да тартылгандыгынан кабары бардыгын кыйытты. Ошол эле убакта Кыргызстанда тыюу салынган Хизб-ут-Тахрир уюмунун мүчөлөрүн аеосуз жазалоо зарылдыгын белгиледи:

- Демократияга жамынып алып ушундай иштер болуп атат чындыгында. Менин өзүмүн оюм - катуу мыйзамга барыш керек. “Хизб-ут тахрирчилер” 2-3 ай отуруп эле кайра чыгып келип атат. Булар келгенден кийин улуттук баатыр катары кабыл алынып, бул нерсе улантылып атат.

Оштук серепчи Санжар Тажиматовдун баамында, диний агымдарга мажбурлап тыюу салуу кырдаалды ого бетер курчутат. Андан айрым саясий күчтөр пайдаланышы да толук ыктымал:

- Кайсы исламдан коркуп атабыз, ошол “Хизб-ут тахрирден” субстанализм менен исламдын биригип кеткен жеринен, экстремисттик багытка кетип калган исламдан коркушубуз керек. Берки улуттук жергиликтүү маданият менен синтездешкен ислам бизге керек, анын өнүгүшүнө шарт түзүп беришибиз керек, башка жол менен “Хизб-ут Тахрир” менен күрөшүүгө мүмкүн эмес. Күч менен эч качан бул маселени биз чечалбайбыз. Динди өзүн ишке ашыралбай калган саясий амбициясы бар саясий күчтөр дайыма пайдаланат.

Санжар Тажиматовдун пикиринче, Тажикстан тажрыйбасы үлгү болоорлук. Коңшу өлкөдөгүдөй Конституцияга каршы аракеттенбеген ислам партиясын түзүүгө уруксат бергенде гана Кыргызстан Хизб-ут-Тахрир өңдөнгөн опурталдуу уюмдардан арылаары айкын.
XS
SM
MD
LG