Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

7:30 Марат Кайыпов Коопсуздук кеңешинин катчысына орун басар болушу ыктымалдыгы божомолдонууда


Айрым маалыматтар боюнча мурдагы адилет министринин бул кызматка дайындалуусу тууралуу сөз кечээ түш ченде эле башталган. Кээ бир саясатчылар президент Марат Кайыповго байланыштуу жардыгын бүгүнкү Кыргызстан элине жасай турган кайрылуусунун алдында чыгаруусу ыктымалдыгын айтышууда. Бул маалыматтарды президенттик администрация тастыктаган жок.
Бийликтин азыркы аракетин сындоо менен Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматынан кеткен Исмаил Исаковдун ордуна 14-октябрь күнү парламенттин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров дайындалган. Кечээ түштөн кийин мамлекет башчынын буйругу менен ЖК экс-депутаты Акматбек Келдибеков салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси болуп келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG