Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

8:00 Кыргыз өкмөтү Азия өнүктүрүү банкына жер титирөөнүн кесепетин жоюуга көмөктөшүүсүн өтүнүп кайрылды


Азия өнүктүрүү банкынын президенти Харрухико Куродага даректелген катты кечээ өкмөт башчы Игорь Чудинов банктын Кыргызстандагы өкүлү Лан Вуга тапшырды. Өкмөттүк басма сөз кызматынан маалымдашкандай катта 5-октябрда Алай районунун Нура айлында болуп өткөн табигый кырсыктан бир айыл толук кыйрап, 74 киши каза тапканы айтылып, кыргыз өкмөтү Азия өнүктүрүү банкынан айылдын инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн чукул грант түрүндө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүнгөн. Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы өкүлү Лан Ву банк Нура айлындагы кыйраган инфраструктуранын чыгымын эсептөөгө көмөктөшө аларын жана зарыл жардамды түрдүү булактардан алып берерин билдирди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG