Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

15:20 К.Бакиев: Энергетика тармагында структуралык олуттуу кайра түзүүлөр керек


Бул тууралуу президент К.Бакиев элге жана парламентке жасаган кайрылуусунда билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, энергосистемадагы техникалык абал жаңылоону жана кошумча булактарды издеп табуу боюнча шашылыш чараларды талап кылат. Учурда электр станцияларынын жана тармактардын негизги фонддорунун эскириши 50 пайыздан ашыкты түзөт. “Компаниялардын жетекчилиги мамлекеттик колдоону гана күтүп отурбастан, кошумча булактарды издеп табууга тийиш. Корпорациялык облигацияларды чыгаруу жана энергетика компанияларынын акцияларын кошумча эмиссиялоо жолу менен фонддук рыноктун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу зарыл”, деп белгиледи К.Бакиев. Ошондой эле президент бөлүштүрүүчү компаниялардын, атап айтканда, райондук электр тармактарынын же чакан станциялардын түзүмдүк бөлүмдөрүн менчиктештирүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүү керектигин айтты.(MSu)

XS
SM
MD
LG