Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

ПРЕЗИДЕНТ ЭНЕРГЕТИКАДАГЫ КРИЗИСТИ ООЗДУКТООНУН АМАЛЫН ТАПТЫ


Бүгүн президент Курманбек Бакиев парламентке жана калкка кайрылуу менен чыкты. Өкмөт үйүндө жасалган кайрылууга депутаттар, өкмөт, жергиликтүү бийлик башчылары жана коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Президент кайрылуусунда мамлекет алдында турган үч негизги маселени аткарууга көңүл бөлдү. Энергетика тармагын райондук деңгээлде менчиктештирүү, айыл чарбасында ири чарбаларды түзүү жолун сунуштады

Германияга муундарын дарылатууга кетер алдында президент Курманбек Бакиев калкка жылдык кайрылуу менен чыкты. Мамлекет башчысы сөзүнүн башында ал жетектеген бийлик тушунда жетишилген ийгиликтерге токтолду. 2008-жылды саясий жактан бейпил жыл болгонун белгилеген Курманбек Бакиев, бул жылы экономиканы көтөрүүгө мүмкүнчүлүк ачылганын айтты. Президенттин маалыматы боюнча, акыркы үч жылда өлкө жыл сайын 6.2% өсүштү камсыздай алды. Андан сырткары ишкерлерди текшерүү 70% кыскарып, бюджеттин кирешеси 2004-жылы 18 миллиард сом болсо, быйылкы жылы 44 миллиард сомдон аша турган болууда. Камбар-Ата ГЭСин курууга 1 миллиард 500 миллион сом бөлүндү. 162 мектеп курулду. Бирок катардагы адамдар турмуштун жакшыруусун сезиш үчүн жасалган иштер жетишсиз.

Президент дүйнөдөгү финансылык кризис Кыргызстанга да таасир этиш мүмкүндүгүн айтуу менен мамлекет алдында турган үч маселени атады:

-Биз тышкы кыйынчылыктарга жана күтүүсүз пайда боло турган абалдарга татыктуу жооп берүүгө жөндөмдүү болушубуз керек. Экинчиден, биз энергетика жана айыл-чарбасындагы кризистик көрүнүштөргө чекит коюуга тийишпиз.Үчүнчүдөн, келечекте биз өз экономикабыздын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга тийишпиз .

Курманбек Бакиев, энергетика тармагын райондук деңгээлде менчиктештирүү, айыл чарбасында ири чарбаларды түзүү жолун сунуштады. Президент ошондой эле жаңы Салык кодексинин кабыл алынышын кубаттап, бирок жалпы мамлекеттик аппараттын ишин сынга алды. Мамлекет кабыл алып жаткан чечимдерге коомчулуктун көзөмөлү болуш үчүн Коомдук палата түзүүнү сунуштады.

“Ак жол” фракциясынын лидерлеринин бири депутат Ажибай Калмаматов президенттин кайрылуусуна карата мындай пикирин билдирди:

-Үч маселени аткарууда өкмөткө милдеттерди койду. Ушулар боюнча президент өзүнүн жакшы оюн айтты. Салык кодексин кабыл алуу боюнча парламентке жана өкмөткө жылуу пикирлерин айтты.

Ал эми социал-демократиялык фракциянын лидери Бакыт Бешимов тескерисинче кайрылууну сынга алды:

-Бул кайрылуунун эч кандай таасири болбойт. Система өзгөрмөйүнчө, реалдуу саясат болмоюнча иш алдыга жылбайт. Бул жөнөкөй эле кайрылуу.

“Кылым шамы” өкмөттүк эмес уюмунун башчысы Азиза Абдырасулова кайрылууда оң жактар болгонун атады:

-Кайрылуунун негизинен жакшы жактары да бар. Баарын эле жаман дей бербейли. Негизинен Кыргызстандын экономикалык курсу тууралуу кенен-кесири айтканга аракет кылды президентибиз. Бирок кооптондурган эки нерсе болуп жатат. Биринчиси, кайрылууда Кыргызстандын энергетика тармагы толук жеке менчикке өтөрү белгиленди. Экинчиси, Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы кандай болот? Буга президент токтолбоду.

Коомдук палатанын түзүлүшү максатка ылайыктуу болоруна күмөнүн “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова ортого салды:

-Коомдук палата түзөбүз дегенге менин скептикалык көз караштамын. Анткени бизде Коомдук палата бар. Ал Кыргызстан Элдеринин Ассамблеясы. Ошону иштетип алсак жакшы болот эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Тектеш

XS
SM
MD
LG