Облус аймагына көчүп келип жашаган өзбекстандыктардын санын билүү максатында чек ара кыштактарында эл каттоо жүрүп жатат. Ушу тапта Ноокен районуна байырлаган өзбек жарандары иликтенүүдө. Буга чейин текшерилген 3-4 айылда коңшу өлкөлүк 129 үй-бүлө жашап атканы такталды. 2005-жылы Анжиян окуясында өзбек качкындары качып өткөн Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн аймагында коңшу мамлекеттин 5-6 үй-бүлөсү турат, 90 гектар болгон ал жердин 30 гектары Өзбекстанга өтүп кеткен. Бул тууралуу облбийликтин коргонуу секторунун башчысы Муса Эргешов 16-октябрда өткөн чек ара талкуусунда билдирди. Анын айтымында, миң чакырымдык чек аранын 763 километри аныкталган, бирок коңшу өлкө өз жарандары жашаган аймакты биздики деп талашуусу ыктымал. Жалал-Абат облусу менен чектешкен аймакта Өзбекстан 6 чек ара отрядын жайгаштырган. Облуста бир гана чек ара отряды бар. (YA)