Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

ПОЛЬША ЖАНА КЫРГЫЗ ДАРЫГЕРЛЕРИ ТАМЕКИ ТАРТУУГА КАРШЫ БИРГЕ КҮРӨШӨТ


Кыргызстанда тамеки тартууга каршы бир айлык акция өтүүдө. Мына ушул иш чаранын алкагында Бишкекке Варшавадагы онкологиялык борбордун саламаттыкты чыңдоо фондунун президенти, профессор Витоль Затоньски жетектеген дарыгерлер тобу келди. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамеки тартууга каршы конвенциясына ылайык поляк жана кыргыз дарыгерлери чылым чегүүгө каршы чогуу иш алып барышмакчы.

Тамеки эпидемиясы Кыргызстанда гана эмес бүткүл дүйнөдө көйгөйлүү проблемаларды жаратууда. Маалыматтарга караганда, бүгүнкү күндө чылым тартуу жылына 5 млн. адамдын өмүрүн алат. Бул сан 2030-жылга карата 10 млн го чыгаары болжолдонууда. Кыргызстан 2006-жылы Борбордук Азияда биринчи болуп дүйнөнүн 157 мамлекети кирген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү конвенциясына мүчө болуп кирген. Мына ушул конвенциянын алкагында Польшанын Варшавадагы Мария Складовская-Кюри атындагы онкологиялык борборунун саламаттыкты чыңдоо фонду кыргыз дарыгерлери менен биргеликте чылым тартууга каршы чогуу иш алып бармакчы.

Профессор Витоль Затоньски бир даана тамекинин чылым чеккен кишиге тийгизген зыяндуулугун мындайча түшүндүрдү:

- Тамеки түтүнү 4000 деген химиялык бирикмелерден турат. Чылым тарткан адамдын организми бир чылымды тарткандан кийин мына ушул 4000 деген химиялык заттын бирикмесинде калкып турат. Демек ар бир тамеки чеккен адам ар жарым саатта 4000 деген химиялык уулуу заттын кошундусун татат. 4000 деген уулуу зат адамдын организмине 400 деген зыяндуу таасирин тийгизет. Биринчи чылымдын карцоногендик таасирин карасак – ал адамда онкологиялык шишиктердин пайда болушун шарттайт. Тамеки чеккендердин кан тамырлары эки эсе бат картаят жана жүрөк кан тамыр ооруларына алып келет. Ошондо 20 жыл тамеки тарткан адамдын кан тамырлары 40 жылга картайган болот.

Тамеки тартууга каршы конвенцияга ылайык, Кыргызстан 2009-жылдан тартып тамеки кутуларын чылым тартуунун зыяндуулугу ашкереленген сүрөттөр менен чыгармакчы. Кыргызстандын чылым чегүүгө каршы күрөшүү боюнча Улуттук координатору Чынара Бекбасарова аталган жыйында Кыргызстандагы учурдагы чылым тартууга токтолду. Чынара айым келтирген статистикалык маалыматтарга ылайык, республикада бүгүнкү күндө эркектердин 52 пайызы жана аялдардын 6 пайызы чылым тартат. Андыктан да Кыргызстан жүрөк-кан тамыр дарттары жана кан басымдын жогорулугу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат:

- Кыргызстанда учурда эркектердин 52 пайызы, аялдардын 6 пайызы тамекиге көз каранды. Ал эми тамеки чеккен жаш кыз-келиндердин катары 15 пайызга жетүүдө. 23 төн 34 жашка чейинкилердин 73 пайызы жана 35 жаш курактан 44 жашка чейинкилердин 75 пайызы чылым тартат. Бул Кыргызстандагы эң көп чылым чеккен курак болуп эсептелет. Эми тамекинин залалы дароо чыкпайт. Ал жылдап отуруп, 20-30 жылда зыянын көрсөтөт. Адамдар ушуну түшүнбөй келатат.

XS
SM
MD
LG