Жардыруу Герат шаарынын жанында болгон. Бул тууралуу эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн өкүлү билдирди. Машинага коюлган бомба италиялык аскерлердин базасынын сыртында жарылды. Герат түштүк жана түштүк чыгыш аймактарга караганда салыштырмалуу тынч чөлкөм болуп эсептелет.